Алты жаштагы балам мастурбация кылат. Эмне кылсам болот?
2020.12.21, 13:09
4066
Балам 6 жашта. 4-5 айдан бери байкап калдым, балам телевизорду карап көмкөрөсүнөн жатып алып кыймылдайт. Эртең менен турганда төшөгүнө жатып алып кыймылдайт.
Ушундай куракта онанизм менен жабыркагандар болобу? Биринчи көргөндө өзүм чочуп кетип урушуп койгом. Эми кыжалат болуп жатам.
Канткенде бул адатынан калтырам? Же бул нормалдуу көрүнүшпү? Рахмат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.12.2020, 13:13
Нурбек Монолов
Уролог
Саламатсызбы!
Ооба, кичинекей балдар, кыздар мастурбация кылат. Бирок алар эмне кылып жатканын түшүнүшпөйт. Ошол үчүн аларды урушпаш керек.
Бул убак өтүп кетет. Балаңызды башка нерсеге алаксытыңыз. Же болбосо балдар психотерапевттине алып барыңыз. Эң башкасы урушпоо керек.
0
Пайдалуу жооп