Бишкектеги бепбекер курстардын тизмеси
Кыска мөөнөттүү акысыз курстар
Кесибиңизге ылайыктуу жумуш жокпу? Кесиптик ишиңизге жөндөмүңүздү жоготуп койдуңузбу? Анда бул курстар сиз үчүн.
Бул курстарды окусаңыз төмөнкү артыкчылыктарга ээ болосуз:
- кошумча адистик
- окууну аяктагандан кийин ишке орношуу мүмкүнчүлүгүңүз жогорулайт
- окуу акысыз
- окуу мөнөөтү 1 - 3 айга чейин
- окуп жаткан мезгилде эмгек стажы кетет, стипендия менен сертификат берилет.
Кесиптик лицейлер
№ 4 - кесиптик лицей, Москва көчөсү, 171
- электргаз ширетүүчү
- шыбакчы - плитка коюучу
- шыбакчы - маляр
- жыгач уста
- курулуш иштеринин устасы
- гипсокартончу
- чач тарач
№ 5 - кесиптик лицей, Байтик Баатыр көчөсү, 122
- электрик
- шыбакчы - плитка коюучу
- электргаз ширетүүчү
- таш уста (каменщик)
- сантехник
- темир уста
- жыгач уста
- курулуш иштеринин устаты
№ 10 - кесиптик лицей, Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши
- улуттук жана чет өлкө ашкана ашпозчусу
- англис тилдүү кеңсе-менеджери
- чач тарач
- укалоочу (массажист)
- кондитер
№ 93 - кесиптик лицей, Чолпон - Ата көчөсү, 3
- компьютер оңдоо устасы
- компьютер оператору
- турмуш тиричилик муздаткычтарын оңдоо устаты
- web-дизайнер
- телефон оңдоо устатсы
- компьютер графикасынын дизайнери
- дизайнер-аниматор
- чакан бизнестин каржы менеджери
№ 18 - кесиптик лицей, Горький көчөсү, 2а
- тигүү жабдууларынын устасы
- жеңил кийимдерди бычмачы
- өтүкчү
- официант, бармендер үчүн англис тили
- кенен профилдүү сатуучу
- наабайчы - кондитер
- компьютер колдонуучу
- тигүүчү
- үй кызматкери (горничная)
- бут кийим оңдоочу
№ 91 - кесиптик лицей, Купянский көчөсү, 34а
- 3 - разряддагы ашпозчу
- 2 - разряддагы кондитер
- ашпозчу-кондитер
- бармен
- шишкебекчи
- барбекью жасоочу
- бургер жасоочу
- италия ашканасынын ашпозчусу
- француз ашканасынын ашпозчусу
- кытай ашканасынын ашпозчусу
- компьютер колдонуучу
№ 17 - кесиптик лицей, Чүй проспектиси, 107
- тигүүчү
- тикмечи
- бычмачы
- лекал-бычмачы
- тигүү жабдууларынын устасы
№ 94 - кесиптик лицей, Купянский көчөсү, 30
- тиричилик техникасын ремонттоо боюнча электрик
- тигүүчү
- чач тарач
- компьютер колдонуучу
№ 95 - кесиптик лицей, Ленский көчөсү, 35а
- тикмечи
- бычмачы
- чач тарач
№ 98 - кесиптик лицей, Чүй проспекти, 225
- чач тарач
- бухгалтер
- компьютер колдонуучу
- кеңсе-менеджер
- телефон оңдоо устасы
- компьютер оңдоо устасы
- тармактык администратор
- компьютер дизайнери
- web-дизайнер
№ 100 - кесиптик лицей, Бейшеналиева көчөсү, 43 а
- электр монтаждоочу
- электрогаз ширетүүчү
Окуу борборлору
“Academy economics”, Жаш гвардия бульвары, 55
- компьютер жана интернет колдонуучу
- секретарь-референт жана англис тили
- бухгалтер
- англис тили
- сатуу менеджери
- англис тилдүү кеңсе-менеджери
- камсыздоочу (страховой) сатуу агенти
"Парнас", Абдрахманов көчөсү, 57
- компьютер колдонуучу
- CorelDraw, AdodPhotoshop, 3D MAX
- секретарь-референт
- тармактык администратор
- кеңсе-менеджер
- Arhicad программасында архитектуралык долбоорлоо
- AutoCAD программасында долбоорлоо
- бухгалтердик эсеп + 1С
- бухгалтерия
"Универсал", Чүй проспекти, 120
- компьютер колдонуучу
- англис тили
- орус тили
- француз тили
- бычуу, тигүү, моделдөө технологиясы
- бухгалтердик эсеп + 1С
“ANB company”, Раззаков көчөсү, 62
- косметолог - визажист
- маникюр, педикюр
- укалоочу (массажист)
- бухгалтердик эсеп + 1С
- бухгалтерия
“Аспект” тил борбору, Чүй проспекти, 114
- Англис тили
“Тилмеч”, Киев көчөсү, 3 (И.Арабаев университетинин 1-кабаты)
- Англис тили
Кошумча суроолор пайда болсо:
Телефон: 0312 65 58 68
Электрондук почта: info@btm.kg
Сайт: http: www.btm.kg
Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 237.
Бул курсстар бир гана Бишкек шаарынын тургундары учун гана окутулабы анткени шаарда пропискан жок болсо курстка окуй албайт экенсинго толук маалымат берип койсонор.