// //

Дайыр Догдурбеков Япониядан кантип билим алып калганын айтып берет

2019.01.11, 10:39
2004

Чет өлкөдөн билим алуу ар бир өспүрүмдүн кыялы болсо керек. Кыял максатка айланса сөзсүз орундаларын далилдеген Дайыр Догдурбеков Японияда кантип окуп калагынын айтып берди. 

Салам, Дайыр! Алгач өзүң тууралуу айтып берсең. Япониянын кайсы шаарындасың?

Салам! Мен Талас облусунан болом. Үч бир тууганмын. Учурда Япония мамлекетинин Осака шаарынын, Вакаяма колледжинде окуп жатам. Японияга келгениме 2 жыл, Вакаямага тапшырганыма 5 ай болду.

Кантип Японияга барып окуп, иштеп калдың?

Бишкектен И. Разаков атындагы КГТУнун колледжин аяктаганда, агам Япония өлкөсүнө барып окуп келишимди сунуштады. Издештирип жүрүп “Japan-style” деген компанияны таптым. Сураштырып, даярданып биринчи группа менен кетмей болгом. Тилекке каршы биринчи жолку баарлашуудан өтпөй калдым. Экинчи ирээт аракет кылып көрдүм. Жообун күтүп жүрө бербейин деп И. Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинен япон тилин окуй баштадым. Бактыма жараша экинчи баарлашуудан өтүп 2016-жылдын 5-октябрында Японияга келдим.

Япон тилин үйрөнүү кыйынга турдубу?

Япон тилинде эркин сүйлөй алам, бирок иероглиф жаттоо кыйынчылык жаратат. Бул тилди университеттен жалкоолук кылып мыкты деңгээлде өздөштүргөн эмесмин, азыр болгон аракетимдин баарын жумшап келем.

Япониянын билим берүү методикасы кандай экен?

Мен жеке колледжде окугандыктан япондордун билим берүү ыкмасы кандай экенин так айтып бере албайм. Колледждин билим берүү методикасы Кыргызстандыкынан аябай деле айырмаланбайт. Сабак учурунда ар кандай оюндарды ойнотуп, кээде сыртка чыгып мисалдарды иш жүзүндө көрсөтүшөт.

Окудан кийин эмне менен алек болосуң?

Окудан сырткары иштейм. Контракта окуп, батирде жашагандыктан иштөөгө туура келет. Бош учурумду досторум менен өткөргөнгө аракет кылам.  

Жалгыз уул экенсиң, башка мамлекетке кетүүгө ата-энең каршы болгон жокпу?

Ата-энем башка өлкөгө барып окушумду колдошту. Алардын үмүтү, менин кыялым орундалды десем болот. Эң чоң колдоо көрсөткөн агам болду.

Алдыда кандай максаттарың бар?

Азыркы учурдагы максатым окумду ийгиликтүү аяктап, Япониянын жумуш визасын алуу. Эки жылдан бери Кыргызстанга бара элекмин, буюрса жакында барып келем деген планым бар.

Япон жери, эли кандай экен?

Чынын айтсам бул жака келгенде “уауу, башкача жер экен” деген суктануу деле болгон эмес. Албетте өнүккөн өлкө, бизден бир топ эле алдыда. Япон эли ак көңүл келет экен. Албетте баары эмес, “Жаман улут болбойт, жаман адам болот” дегендей. Кээ бир дүкөндөрдөн азык-түлүк алсаң сени сыртка чейин жүгүнүп узатып жиберишет. Япондордо биздикиндей “боло берет” деген нерсе жок. Мени таңгалдырганы ар бир иштин майын чыгара аткарып, кичинекей нерсеге көп көңүл бурушканы. Баардык ишке кылдат мамиле кылганы үчүн өнүгүп жатышса керек, деп дагы ойлонуп калам.

Японияга барып окуп, иштөөнү каалагандарга кандай кеңеш бересиң?

Мисалы, мен үчүн Японияга келүү оор деле болгон жок. Болгону келээрде жатаканаңды, жумушуңуду же окууңду дайындап алып келүү керек. Анан албетте япон тилин мыкты деңгээлде билүү шарт. Япон элчилигиндеги маалыматтардан кабардар болуп турган дагы жакшы.

Чоң рахмат. Ийгилик!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт