Эмчегимдин учу жарылып жатат. Эмне кылсам болот?
Салам! Төрөгөнүмө эки айдай болуп калды. Эмчегим кесилгенсип жарылып кетти. Кийимим тийсе да ооруп жатат. Эмне кылсам болот? Жооп алып бериңиздерчи.
Аида Осомбаева
Маммолог
Салам!
Сиздин эмчегиңиздин үрпү жарылып кетиптир. Бул көбүнчө баланы туура эмес эмизип жаткандан. Эмчектин учун балаңыз толугу менен соруп жаткан жок.
Мындан арылуу үчүн:
- Бала ареоланы да, эмчектин үрпүн дагы эме тургандай кылып төшкө туура такаңыз;
- Гигиенаны сактоо керек, анткени бул ачык жаракат;
- Ареола жана эмчетин учуна бепантен сүйкөп туруңуз. Бепантенди баланы эмизип алгандан кийин сүйкөңүз.
Айыгуу үчүн убакыт керек. Чыдамдуу болууга чакырам!
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.