Жолдошум менен кошулгандан кийин туалетке отура албай кыйналам
Саламатсызбы! Жолдошум менен кошулганда бел суусу көптөн кийин бүтүп кыйнап жиберет. Андан кийин туалетке отура албай кыйналам жана кан аралаш суюктук келип аябай ачыштырып жатат. Бул эмне болушу мүмкүн?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Күйөөңүздүн бел суусу кеч түшөт экен, сөзсүз түрдө урологго көрүнсүн. Анын себеби сизге терс таасир берип жатат. Вулвада жана жыныс кыныңызда узакка созулган сүрүлүүдөн улам, майда жаракалар, жараттар пайда болууда. Алар ачыштырат, оорутат, кан аралашкан "выделение" келет жана ыңгайсыздык жаратат. Сиз дагы гинекологго көрүнүңүз. Чыдап жүрө бербей жолдошуңузга ачык айтып, чогуу дарылангыла.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.