// //

Үйгө келсем кайним ич кийимдеримди жууп жайып коюптур

2020.12.13, 17:33
20232

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

“Аялым чыны жууса, жанында тарелка сүртүп турам.” Анда жаңы келин болуп келгем. Сыртта алма жеп отурганбыз. Кайним ушинтсе аябай таң калгам. Өзү болгону сегизинчи класс.

- Сен азыр ошентип жатасың, чоңойгондо башкача сүйлөп каласың.

- Жок, жеңе, андай болбойт. Мен муну эбак эле чечип койгом.

- Эбак дегениң кандай, 13кө араң чыктың.

- Анда алтыда болчум. Апам идиш жууп жатып, чыныны сындырып алды.  Колу кесилип атама чуркап барды. Атам таңып бергендин ордуна, “бар идиштериңди жуу, эч нерсе болбойт”,-деп кагып чыгарып салды. Апамдын артынан чыгып колун таңып бердим. Ишенесизби, ошондо биринчи жолу идиш жуудум. Жанымда отурган апам кадимкидей сыймыктана ыйлады. Мен бүткөндөн кийин, “азаматсың уулум”,-деп бетимден өптү. Ошондо апамдын көздөрү бир башкача бактылуу эле. Ойлосом, атамдын арагы аны эбак муңайтып бүтүптүр. Ошондо, мен атама окшош болбойм деп чечкем. Ал эми окшош болбош үчүн ал жасаган иштин карама-карышысын жасашым керек. Атам сөзүнө турбайт, мен турам. Атамдын аялы бактылуу эмес, меники бактылуу болот.

Боорум ооруп карасам кайгылуу түрү жок. Бейкапар алмасын жеп отурат. Али бала болгону менен турмуш эбак аны чоңойтуп койгонун билдим. Ошол маалда кайын энем чака көтөрүп сыртка чыкты. Алмасын таштап, “апа, келиңиз мага бериңиз”,-деп чуркап жөнөдү.

Андан бери алты жыл өттү. Кайним такыр өзгөргөн жок.

Күйөөм үч бир туугандын уулусу. Кайын атам арактын айынан каза болгон экен. “Атамдын тарбиясын албаганыма сүйүнөм.” Күйөөм ушинтип көп айтат. Бир туугандарына, апасына өзгөчө күйүмдүү. Тынбай эле иштеп жүрөт. Тапканын баарын үйгө алып келет. Кеч келсе дагы, “бала менен чарчаган жоксунбу”,-деп мага жардам берет.

Өзүбүз шаарда турабыз. Кайним студент. Буга чейин биздикинде жашачу, карантинде айылга кайын энемдин жанына кетти. Кетери менен көп ишти ал бүтүрчү экенин билдим (күлүп). Сабагынан келип алып бала каралашып, кээде кой десем болбой жалаяктарын жуучу. Дүкөнгө ар дайым өзү барат эле. Жакшы окуйт. Стипендия алары менен үйгө майда-чүйдө көтөрүп келет.

Бир жолу күйөөм экөөбүз баланы ага таштап конокко кеттик. Түн ортолоп келсек эшиктеги кермеде кирлер жайылып турат. Арасында күйөөм экөөбүздүн ич кийимдерибиз дагы бар экен. Уялганыбызды айтпагыла. Үйгө кирсек таптаза, балабыз бышылдап уктап жатат, анын жанында кайним китеп окуп отурат.

Көрсө, ким болорубузду өзүбүз чечет экенбиз. Оор турмушту баштарынан өткөрсө дагы, аны сабак катары кабыл алган үй-бүлөгө келин болгонума сүйүнөм.  “Жеңелеп” сыйлап, күн сайын чалып акыбалымды сурап турган сонун кайним менен сыймыктанам. Мыкты күйөө, ата болоруна жүз пайыз ишенем.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт