// //

Атам мени биринчи класста окуткан мугалимим менен жүрөт экен. Эмне кылсам болот?

2020.12.09, 12:20
2479

Саламатсызбы! Атам мектепте мугалим болуп иштейт. Мен кечээ атамдын телефонун чукулап отуруп, сүрөттөрүнө кирсем мени биринчи класста окуткан мугалимим менен чогуу төшөктө жаткан видеолору бар экен. Аны көрүп калып ватсапка кирсем, номери турат, бирок жазышкандарын өчүрүп коюптур. Экөөнүн мамилесин окуп жүргөнүмдө байкап калгам, бирок ишенгим келбейт эле. Эми атамы көргөн сайын жактырбай, башкача эле сезим болуп жатат. Апамдын кан басымы бар, кабатырланбашы керек, ошон үчүн айткан жокмун. Атамды аябай жакшы көрөм, апам билсе ажырашып кетет, кайда барат деп атама боорум ооруйт. Атамдын ойношу жаш эле аял, улуу эжем менен тең. Анын балдары бар, атамдын үй-бүлөлүү экенин да билет. Атам карып калды, кароолчу болуп иштейт, бир күн үйдө, эки күн жумушунда. Мага аябай катуу сокку болду. Эмне кылсам болот? Үйдөгүлөргө айтсам чоң уруш болот. Апама боорум ооруп жатат. Ал атамды аябай сүйөт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.12.2020, 12:25

кун

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
09.12.2020, 12:25

Асель Суюнбаева

Психолог

Саламатсызбы! Абалыңыз оңой эмес, бирок өзүңүз да кетирген кемчиликтер бар экен. Биринчиден, атаңыздын, негизи эле бирөөнүн телефонун тинтүү жакшы эмес. Экинчиден, апаңыз менен атаңыздын ортосунда кандай мамиле, кандай сөздөр бар сиз билбейсиз. Андыктан, алардын ортосундагы мамилеге киришкениңиз туура болбой калат. Бул нерсе - жалгыз алардын иши. Ооба, түшүнүп турам, сиз үчүн мындай нерсени билүү оор болду, бирок, балким телефонун карабаганда билбей эле калмаксыз.

Үйдөгүлөргө айткандын деле кажети жок, мүмкүн бул нерсе акырындап өзү жок болуп кетет. Балким мамилелери муздап калат. Эч нерсе кылбай эле койгонуңуз оң. Атаңызга мамилеңизди өзгөртпөңүз. Атам карып калды дедиңиз, андай деле карый элек экен деп ойлоп коюңуз.

Тиги аял жөнүндө дагы маалымат чогултуп, аңдып, же ушундай төмөн нерселерге барбаңыз. Эч болбосо, эгер атаңыз менен мамилеңиз жакын болсо, ачык сүйлөшүңүз. Ойлор коё бербей жатканын айтыңыз. Апаңыз жөнүндө кабатырланып жатканыңызды билдириңиз. Ойлонуп, кыйкырбай, ачууланып эмоцияга алдырбай сүйлөңүз. Атаңыздын жообун угунуз. Ошого жараша иш кылгыла. Бул нерсе силердин гана ортоңордо болушу керек.

Ийгилик каалайм!

#билесиңбиөспүрүм

Башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Апам “сени окутуш үчүн төрөгөн эмесмин, тилимди албасаң үйдөн чыгып кет” деди

10 жашымда байкем зордуктап койгон, ал учурда эмне экенин түшүнгөн эмесмин

Атам ичет, ага жинденген апам ачуусун менден чыгарат. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт