Сот аркылуу ажыраша электе эле алимент четтетсе болобу?
Саламатсызбы! Мен аялым менен ажырашкам, бир жыл болоюн деп калды. Бирок экөөбүз сот аркылуу ажыраша элекпиз. Ортобузда бир бала бар. Сотко барганга убакыт болбой жатат. Эми ал "мен алиментти четтеттим, 5000 сом төлөйсүң",-деп жазып жатат. Мен балам үчүн алимент төлөп жардам бергенге даярмын. Бирок мени ойлондурганы, сот аркылуу ажыраша электе эле кандайдыр бир жол менен алимент четтетсе болобу? Бир жылдан беркинин баарын төлөймбү?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Мыйзам боюнча ажырашпай эле алимент өндүрүү үчүн арыз менен сотко кайрылса болот. Ал эми алименттин суммасы аялыңыз сотко кайрылган күндөн баштап эсептелинет. Демек, бир жылдык сумманы төлөөнү талап кылбайт. Ошондой эле, соттун чечимин күтпөй эле өз балаңызга жардам көрсөтүп туруңуз, анткени бул сиздин милдетиңиз болот.