Апамдын карызын төлөгөнү Россияга жөнөп баратам. Туура эле кылып жатамбы?
Саламатсызбы! Мен 18 жаштамын, үйдөгүлөрдүн шарты жок тапшырбай калгам. Бир туугандарым үйлөнүп жайланып өз жашоосу менен кетишкен. Атам эртеле көз жумган. Азыр иним жана апам болуп эле калдык. Апамдын карыздары көбөйүп, мен Россияга иштегени барганы жатам. Россияга барып иштегеним туурабы? Бир чечимге келе албай жатам. Өзүм жаш болсом кандай болуп кетет деп коркуп жатам. Ал жакта таныштарым жок. Жарнама боюнча жумуш болчу. Билимим жок бул жактан жумуш таба албай жатам. Апамдын жүрөгү ооруйт, ошого операция жасатканга иштешим керек. Коркпой эле кете берейинби? Бир туугандарың жардам берсин дешиңиз мүмкүн, бирок алар жардам беришпейт. Өз балдарын араң багып жатышат. Эмне кылсам болот?
Нуриза Батырбекова
Психолог
Саламатсызбы! Негизинен адамдын бардык жашоосу тандоодон турат.
Тандоо - бул ар дайым пайда гана эмес, жоготуу дагы.
Оор маселелерди чечүүдө адамдар кандай тоскоолдуктарга туш болушат?
Көбүнчө бизди коркуу сезими эмес, көз карашыбыз (установка) жетектейт. Мындай туруктуу психикалык схемалардын башаты айлана-чөйрө: үй-бүлө, коом, маданият. Тандоодо көйгөй жаралганда, алар каалоолор менен карама-каршы келип, тынчсыздануу, өзүн-өзү каралоо ж.б.у.с. жагымсыз кесепеттерге алып келет. Кээде иш жүзүндө адамдарды эркиндигинен ажыратышат.
Эң башкысы ар бир чечим үчүн жоопкерчиликти өз моюнубузга алуу зарыл.
Окууга тапшыра албай калганыңыз өкүнүчтүү, быйыл болбосо келе жаткан жылы тапшырсаңыз да болот. Бүгүнкү күндө кээ бир окуу жайларда бюджеттик орундар бар.
Россияга кетүүнү же бул жакта калууну сиз гана чечесиз. Мындай учурда чечим кабыл алуу оор болот, ар кандай ойлор, суроолор пайда болот. Аны менен чогуу тынчсыздануу, коркуу сезимдери да жаралышы мүмкүн.
Сезимдерибиз түздөн-түз денебизде чагылышат, андан жүрүм-турумубуз өзгөрөт.
Туура тандоо үчүн объективдүү маалымат керек. Алгач эле ошол пайда болгон суроолорго жооп берүү керек. Эгер бизде кандайдыр бир маалымат жок болсо, тынчсыздануу пайда болот.
Кандай агенство? Тарыхы кандай экен? Ишенимдүүбү? Элдер кандай катйрым жооп калтырышкан? Канча жылдан бери иштейт? ж.б. Бул жактан кандай жумуш таба алам? Эмне кылсам болот? Эгер кетсем, кыйынчылык учурда кимге кайрыла алам? Кайсыл жакта иштейм? Коопсуздукту кантип алсам болот? Бул суроолорго жалгыз жооп табуу кыйын болсо, ишенген адамдарга же адистерге кайрылыңыз.
Сизге ийгилик!
Психолог Нуриза Батырбекованын башка суроолорго берген жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Ала оорусу менен ооруйм, мени эч ким күйөөгө албаса керек. Психологдун кеңеши
Атамдын агасынын баласы 4 жыл зордуктап жүрдү, мындан аркы жашоом кандай болот?
Үйлөнөбүз дегенден бери жигитим мага кол көтөрөт, үйдөгүлөр мен түшүнбөй коюшту