// //

Психологдордун көзү ачык болобу? Психологго 10 кызыктай суроо

2020.11.29, 15:10
2680

Bilesinbi.kg  психолог Нуриза Батырбековага депрессия, стресс, анонимдүүлүк, өзүңө-өзүң жардам берүү жөнүндө кызыктай суроолорду берип, акылдуу жоопторду алды.

Психологго нормалдуу эмес адамдар эле кайрылабы?

Ар кандай адамдар кайрылат. Негизинен психологдор диагнозу жоктор менен иштейт. Ал эми нормалдуу эмес адамдарды дарылоо психиатрлар жана психотерапевттердин жумушу. 

Психологдун сезону кайсы айлары жакшы болот?

Сезондук депрессия деген нерсе бар. Ошол учурда бейтаптар көп кайрылат. Бизде сентябрда сезон болду айтсам болот. Анткени балдар мектепке барганда ата-энелер стресс болуп психологдорго кайрылышат.

Психолог өзүн-өзү дарылайбы?

Албетте, дарылайт. Адамдар менен иш алып барардын мурун эң биринчи өзүбүздүн терапияны өтөбүз. Эгер өзүбүздүн таракандарды дарылабасак, башкаларга жардам берүү кыйын болуп калат. 

Психолог психологго барабы?

Барат. Ар кандай кыйын кейстер болгондо же чарчап калганда өзүбүз деле психологго кайрылабыз.

Психолог адамды бир көрүп кандай экенин айта алабы?

Адамдын бир көрүп, мындайча айтканда келбетинен көп нерсени билүү мүмкүн эмес. Сүйлөгөндө же кыймыл-аракет жасаганда гана мүнөзү, ойлору жөнүндө маалымат алсак болот.

Психолог айына канча табат?

Жумушуңду так аткарсаң, сүйсөң, жакшы табасың.

Психолог чындап эле угабы же угумуш болуп отура береби?  

Уккан бул биздин жумушубуз. Угабыз, кабатыр болбогула. 

Психологго кайрылуу керек экенин кантип түшүнсөң болот?

Ар бир адам өзү менен байланышта болот. Эгер кыйынчылыкты жеңүүгө күчү жетпегенин билсе, психологго кайрылуу керек. Мисалы, тишибиз ооруса өзүбүз жулбайбыз, жан дүйнөбүз дагы ошондой. Адистерге кайрылган туура болот.

Психолог сыр сактай алабы?

Бизде купуялуулук деген эреже бар. Сырды сыртка чыгарганга укугубуз жок. Кээде зордук-зомбулук болгондо же бейтаптын жашоосуна коркунуч пайда болгондо эрежени бузганга мажбурбуз.

Психологгго кайрылбай эле өзүң-өзүң жардам берсең болобу?

Бардык адамдар психологго муктаж эмес. Кээ бирөөлөр өзү эле күчтүү болот. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Айымдар үчүн жыныс мүчөнүн өлчөмү маанилүүбү? Урологго 10 кызыктай суроо

Тамакты жакшы жегендер төшөктө мыкты болобу? Сексологго 10 кызыктай суроо

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт