Кыздарды түш көрсөм эле уругум чыга берет. Бул нормалдуу элеби?
2020.11.28, 14:14
1668
Саламатсызбы! Уктап жатканда уругум чыга берет, өзгөчө кыздарды түш көрсөм. Уруктун түш менен чыгышы нормалдуу элеби? Же дарыгерге көрүнүү керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.11.2020, 15:03
ЭОС медициналык борборунун урологу
Саламатсызбы! Мындай түшүндүрүп берейин, биздин жаныбызда ар дайым эле өнөктөшүбүз боло бербейт. Табият ушундай кылып жараткан, организм өзү эле тазаланып урукту чыгарып турат. Мисалы, эркектер мастурбация менен чыгарабыз же уктап жатканда эротикалык түш көргөндө чыгат. Демек, түш менен чыкса бул норма. Эгерде уктаганда эмес себепсиз эле чыгып жатса, анда тезинен урологго кайрылуу керек.
0
Пайдалуу жооп