Сүйлөшкөн кызым "боюмда бар" дегенден кийин жумуш издей баштадым
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш жигиттин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт!
Дароо оюма ата-энем келди. Кантип айтам? Кандай кабыл алышат? Эмне дешет? Стоп! Эмнеге мен өзүмдү гана ойлоп жатам?
Айзирек үчүнчү, мен бешинчи курсмун. Кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө эки жыл болду. Экөөбүздүн мамилебиз тууралуу университеттин баары билет. Туулган күнүбүздө, майрамдарда бири-бирибизге сюрприз жасай берип элге таанылганбыз.
Айзирек менин биринчи сүйүүм. Аны көргөндө эле издегеним экенин түшүнгөм. Артынан канча чуркадым дейсиңер. Акыры бут кийимимдин таманы тешилип калганда карады (күлүп). Сонун кыз! Кандай болсо ошондой сүйөм. Чачы май болобу, кыска киеби, чачын кыркабы, төшүн ачып алабы, мага баары бир.
Кыш. Курсташтарыбыз менен жаңы-жылды табиятта тосууну чечтик. Тоо этегиндеги бир үйдү ижараладык. Базарга түшүп продукт сатып алып, таң эрте жолго чыктык. Аяз ата жасап, бири-бирибизди карга жуунтуп, балаты кооздодук. Кечинде оттун айланасында гитара менен эстен чыккан эски ырларды ырдадык. Баса, жанымда Айзирегим бар болчу. Мен ал жок эч жакка барбайм. Таң ата баштаганда, уйкуну эстеп бөлмөлөрүбүзгө жөнөдүк.
- Бул айда этек кирим келген жок.
- Ооруп калган жоксуңбу? Дарыгерге бардыңбы?
- Бардым.
- Эмне деди?
- Жигитиңе айт, ата болот деди.
Нес болуп туруп калдым. Башыма ойлор толуп кетти. Унчукпай ары-бери баса бердим. “Качып кетесиңби?” Карасам, сүйгөнүм көзүн жашка толтуруп мени карап туруптур. Шап барып кучактадым. Ыйлап жиберди. Денесинин титирегенинен коркуп жатканын билдим. Дагы катуу кысып кучактадым.
- Качпайм! Угуп жатасыңбы? Качпайм! Мен коркок эмесмин. Жоопкерчиликти өз мойнума алам! Сени таштабайм! Угуп жатасыңбы? Таштабайм!
- Анан эмне кыласың?
- Жумуш издейм.
Мурдун тартып, жылмайды. Көзүнөн мага болгон сыйы эки эсе көтөрүлгөнүн байкадым.
Азыр бизде баары сонун! Бомпойгон үч баланын ата-энесибиз. Үчөө тең менин көчүрмөлөрүм. Уулу баламдын “аталап” чуркап жүргөнүн көрүп, убагында эң туура чечим жасаганыма сыймыктанам.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди