Угриден калган тактарды пилинг менен кетирсе болобу? Косметологдун кеңеши
Саламатсызбы. Силерге кайрылганымдын себеби төмөндөгүдөй: 18 жаштамын, бетимде угриден (демодекоз) кийин тактар калган. Көчөдөн баскандан да уялам.
Пилинг жасат, деп кеңеш берип жатышат. Ошол туурабы? Ал мага жардам береби?
Асель Алымбаева
Косметолог
Саламатчылык. Алгач сиздин бетиңизди көрүү керек тырык менен кара тактар ар кандай болот, ошондуктан аларды кетирүүнүн жолдору да айырмаланат.
Бетиңиздеги кара тактарды (пигмент) кетирүүдө пилинг эффективдүү ыкма. Анын түрлөрү бир нече, өзүңүзгө ылайыктуусун тандап, бир нече жолу жасатсаңыз болот.
Ал эми тырыктар терең болсо пилинг жардам бербейт. Лазердик жылмалоо (шлифовка) процедурасын кыш айларында 2-3 жолу жасап көрсө болот. Жайында, күн ысыкта бул процедраны жасоого болбойт. Анткени күндүн нурунун курч тийиши терс таасирин тийгизет.
Бардык маселелер индивидуалдуу түрдө чечилет. Жаңыдан пайда болгон тырык, тактар менен иштөө кыйла жеңил, ошондуктан эртерээк адиске кайрылууну сунуштайм.
Косметолог Асель Алымбаеваны инстаграмдагы @alymb_asel_cosmet
баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Косметологдоун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Мен жигитмин, бетим кургай берет, эмне колдонушум керек? Косметолог жооп берет
Бетиме “детский крем” колдоно берсем болобу? Косметолог жооп берет
“Угрини” самын менен жууп кетирип жатам, бул туурабы? Косметолог жооп берет