// //

Тест алып текшерсем, 3 сызыкча чыкты. Бул эмнеси? Гинекологдун жообу

2020.11.27, 09:59
3655

Саламатсызбы. Мен 21 жаштамын, эмчектеги балам бар. Акыркы айда этек кирим келбегенинен тест алып текшерсем 3 сызыкча чыкты. Балама 1 жаш 1 ай болду. Эгер эмчектен чыгарбасам, сүтүм канчалык деңгээлде ага зыян болот? Чыгарып салсам кыйналып калбайбы? Же боюман алдырып салган эле туура болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.11.2020, 09:59

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Эгер тесттин жыйынтыгы оң көрсөтүп жатса демек боюңузда бар. Ал эми 3 сызыкча көрсөтүп жатканы, өндүрүштө жаңылыштык кетип ашыкча сызык чийилип калса керек.

ХГЧ анализигн тапшырып, УЗИге түшүңүз. Баланы сактап каласызбы же алдырасызбы, үй-бүлөңүз менен кеңешип, бул маселени мүмкүн болушунча эртерээк чечиңиз.

Эгер бойдон алдырбайм десеңиз анда кош бойлуулуктун 11-12 жумасына чейин эмизе турсаңыз болот. Андан кийин акырындык менен эмчектен чыгарышыңыз керек. Бир жашка чыгып калган бала өз алдынча тамактанууга жарап калат.

Эмизген эне пайдалуу заттардын көбүн сүт аркылуу берет. Ичтеги бала да сиз аркылуу азыктанып, өзүнө тиешелүү витаминдерди ала турганын эсиңизден чыгарбаңыз.

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт