Сүйлөшкөн кызым кыз эмес экен. Мындан аркы мамилебиз кандай болот?
Саламатсызбы. Мен бир суроо менен кайрылып жатам. Сүйлөшкөн кызым бар, аны аябай сүйөм. Жолугуп жүргөнүбүзгө аз эле болду. Жакында ал мага өз сырын айтты, бир нече жыл мурун жаштык кылып кыздыгынан айрылып калыптыр.
Бул сөздөрдү укканда жүрөгүм муздай түштү. Мен эркекмин, жыныстык катнашка барган эмесмин, анткени зына кылгандан корком. Айланып келип, жакындарыма тийип калабы дейм. Аллахтын алдында күнөө кылгым келбейт.
Аны түшүнүүгө аракет кылып, ыйын токтоттум, кудайдын алдында кечирим сура дедим. Дагы деле жактыраарымды билдирдим.
Эмне кылышты билбей турам, мындан аркы мамилебиз кандай болот? Мен ал кызды жакшы көрөм. Эмне үчүн кудай мага ушундай сыноо жиберди болду экен? Мага кеңеш бериглечи, суранам?
Асель Суюнбаева
Психолог
Саламатчылык. Түшүнүүгө аракет кылганыңыз мактоого татыктуу. Жаш кезде көбүбүз алданабыз, жаңылабыз. Адатта кыздар чексиз ишенген адамы менен гана жакындыкка барышат. Көпчүлүк эркектер алардын ишенчээктигинен колдонушат. Сизге сырын айтканы сизге да ишеними жогору экенин билдирет.
Сүйлөшкөнүбүзгө аз эле болду дедиңиз, шашпай дагы бири-бириңерди байкап көргүлө. Мамилеңер мындан кийин өзгөрдүбү? Жылуу бойдон калдыбы же ортодо ажырым пайда болдубу?
Анткени сиз үчүн бул маанилүу болсо, кийинки жашооңузга таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгер сиз үчүн бул адам кымбат болсо, бардыгын унутуп, улам сөз кылуудан алыс болушуңуз керек. Эскертпей, жемелебей, кызганбай, ак барактан баштай аласызбы?
Бул өтүп кеткен нерсе. Ал адамдардын ортосундагы мамилеге, сезимдерге эч кандай таасирин тийгизбейт. Ал эми келечекте бирге болуп, бактылуу өмүр сүрүшүңөргө эч кандай тоскоолдук жок. Ал сидердин гана колуңарда.
#билесиңбиөспүрүм
Башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Апам “сени окутуш үчүн төрөгөн эмесмин, тилимди албасаң үйдөн чыгып кет” деди
10 жашымда байкем зордуктап койгон, ал учурда эмне экенин түшүнгөн эмесмин
Атам ичет, ага жинденген апам ачуусун менден чыгарат. Эмне кылышым керек?