Кош бойлуу аялдын бели менен бөйрөгү эмне үчүн ооруйт?
Саламатсызбы! Менин бөйрөгүм, белим ооруп жатат. Боюмда бар. Бир жолу “сохранение” деп бейтапканага жатып чыктым. Белок дагы көбөйүп кетиптир. Эмне кылсам болот?
ЭОС медициналык борборунун урологу
Саламатсызбы! Бөйрөгүңүз, белиңиз ооруп жатса, сөзсүз дарыгерге көрүнүңүз. Ооба, боюнда барларда мындай көйгөй болот.Себеби кош бойлуукта организм түйүлдүктү чыгарып салууга аракет кыла берет, анткени ал бөлөк нерсе. Табият бизди ушундай кылып жараткан, түйүлдүктү түртпөсүн деп булчуңдарды иштетпей коет. Ошондо бөйрөктүкү дагы иштебей, бөйрөк кичине кыйнала баштайт. Балким, сизде ушундай болгон. Бел тараптагы омурткалар дагы кичине кыйшык болуп ийилип турат. Ичте жаткан бала түрткөндө ошол түздөлүп, бел ооруй баштайт. Бул өтүп кетиши мүмкүн, өтпөй кыйнап жатса дарыгерге барыңыз. Белок боюнча дагы дарыгерге кайрылып, анализ тапшырыңыз.