Күйөөм "сенин эч кимиң жок" деп эки кызымды бербей жатат. Кантип алсам болот?
Саламатсызбы! Жолдошум менен ажырашам деп үч ай мурун үйдөн чыгып кеткем. Эки кызым күйөөмдө калган, ошол убактан бери талашып алалбай жатам. Күйөөм "сенин үйүң, эч кимиң жок, кыздарды таштап кеткенсиң",-деп басынтат. Жаман сөздөрдү айтып ар кимге жабыштырат. Кыздарым менен сүйлөштүрбөйт. Карындашы, апасы асылып жөн жашатпай койгонунан кетип калгам. Кыздарымды алсам эле болду эле, башкасынын кереги жок. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер ата-эненин бирөөсү ата-энелик укуктан ажыратылган эмес болсо, балдарына тарбия берип, өсүп-өнүүгүүсүнө салым кошууга бирдей укуктуу. Бүгүнкү күндө сиз энелик укутан ажыратылган эмессиз, демек кыздарыңызды алаласыз. Эгер өз ара келише албай жатсаңар, балдардын жашоо ордун аныктап берүү боюнча сотко кайрылыңыз. Жактоочу жалдаганга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам кызматы иштейт, ошону колдонсоңуз болот. Бул үчүн өзүңүз жашаган аймактагы юстиция министрлигине кайрылыңыз.