// //

Жашоодогу кыйынчылыктарды кантип жеңсе болот? Психологдон 5 кеңеш

2020.11.25, 16:45
2668

Психолог Нуриза Батырбекова түз эфирибизде конокто болуп, жашоодогу кыйынчылыктарды кантип жеңсе боло турганын айтып берди. Пайдалуу кеңештерди төмөндөн окуңуз. 

1. Качпаңыз

Оор кырдаалга туш болгондо, андан баш тартууга аракет кылбаңыз. Көйгөйдөн канчалык узак убакытка чейин алыс болсоңуз, аны чечүү үчүн ошончолук убакыт талап кылынат. Кыйынчылыкты моюнга алыңыз, башыңыздан өткөргөнгө даяр болуңуз, ошондо жеңишке ээ болосуз. Эсиңизде болсун, жашообузду өзгөртүп, чечим кабыл алганга ар бирөөбүздүн күчүбүз жетет.

Кандай гана кыйынчылык болбосун, чыгуу жолу бар.

2. Позитивдүү болуңуз

Кыйынылыкка туш болгондо денебиз эмне кылуу керектигин өзү айтат. Биз аны укпай калышыбыз мүмкүн, эгер жаман ойлорго жол берсек. Эч качан “колуңдан келбейт” деп, өзүңүздү урушпаңыз, жемелебеңиз. Бул нерсе абалды кайра курчутат.  “Стоп!” Жаман ойлор келе баштаганда дароо ушул методду колдонуңуз. Баары ойлорубузга жараша болот. Андыктан ошонун үстүндө иштеңиз.

Сизде эки жол бар: туннелдин аягында жарык бар экенин эсиңизге саласыз же көйгөйлөргө жеңилип бересиз.  

3. Сиз кимсиз?

Адамдын эки түрү бар: курмандык жана жеңүүчү.

Курмандык  - бардык нерсеге негатив менен мамиле жасайт, ар бир сөзү “бирок” деп башталат. Мисалы, “мен жасамакмын, бирок...”. Колунан келбей турганын көп айтат. Кыйынчылыктын жаман гана жактарын көрүп, болушунча андан чыкпаганга аракет жасайт. Жоопкерчиликтен качып, ар дайым бирөөнү же бир нерсени күнөөлөйт.

Жеңүүчү – позитивдүү ой жүгүртөт, кыйынчылыкты маселе катары кабыл алып, план иштеп чыгып, анын чечкенге аракет кылат, мүмкүнчүлүктөрдү издейт. Жоопкерчиликти өз мойнуна алат.

4. Жардам сураңыз

Кээ бир адамдар кыйынчылыктан өздөрү чыгып кетет. Айрымдарына колдоо, ошол эле учурда жардам керек болот. Жардам сурап кайрылуу күчтүүлүктүн жана кайраттуулуктун белгиси. Жашоодогу оор кырдаалды жеңүү үчүн ар кандай жолдор менен жардам издөөдөн коркпоңуз. Көйгөйлөрдү ичиңизге катпаңыз.

Сүйлөшкөндү үйрөнүңүз.

5. Сабак катары кабыл алыңыз

Кыйынчылыкка кабылганда баарын анализдеп чыгыңыз. Ар бир болуп жаткан нерсени өзүңүзгө тажрыйба катары кабыл алыңыз. Жыйынтыгында, кийин ушундай жагдайга туш болуп калсаңыз, андан чыгуу үчүн үчүн эмне кылуу керектигин билип каласыз.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт