// //

Тамак жасайын деп ашканага кирсем кайын атам менен кайын энем кууп чыкты

2020.11.25, 12:24
9613

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт!

Жумуштан чыгып алып атайын базарга түштүм. Үйдөгүлөрдү бир сүйүнтүп беш бармак менен мимоза жасап берейин дегем. Эки пакетти толтуруп алып, туптуура бир сааттан кийин базардан чыктым. Таксиге отурганда катуу чарчаганымды билдим. “Эже, ушул дарекпи?” Уктап кетипмин. Айдоочу жигит ойготту.

Дарбазаны тыкылдатсам күйөөм ачты.

- Базарга барам деп айткан жок элең го! Ушунун баарын жалгыз көтөрүп келдиңби? Мага чалбайт белең!

- Жумуштун жанындагы эле кичи базарга бардым.

- Жок дегенде такси менен келдиңби?

- Ооба.

Колумдагы пакеттерди алып бетимден өптү. Экөөбүз ээрчишип үйдү көздөй жөнөдүк.

Үйлөнгөнүбүзгө эки ай болду. Бири-бирибизге тойбой жүргөн кезибиз. Сүйгөнүң ар дайым жаныңда болгон сонун турбайбы!

Кийимдеримди алмаштырып алып ашканага кирсем, кайын атам жумуртка чайып, кайын энем фаршты аралаштырып отуруптур. Мени көрө калып экөө тең ордунан тура калышты. “Чык, чык, бар уктап тур, биз тамак даяр болгондо чакырабыз.” Көзүмдү ачып жумгуча түртүп чыгарып коюшту. Күйөөмө барып айтсам, “эс ала бер, анын эмнеси бар экен”,-деп койду.

Жата турайын деп көзүм илинип кетиптир. Кайын энем келип, “кызым, турагой, тамак ичели”,-деди.

Кайын атам менен кайын энем бир топ жашка барып калганына карабай “современный” адамдар. Ар дайым күлүп-жайнап жүрө беришет. Келин болуп келгенден бери бир да жолу тамак жасай элекмин. Баягы күнү өз ата-энем келип кетти. Боорсок бышырып жатсам, кайын энем “кызым убара болбой, пицца менен суши “заказ” кылып койсок болбойбу”,-деди. Элестеткиле, жилик алып көнгөн ата-энеме пицца берип жатканыбызды (күлүп). Көп салттарды түшүнө беришпейт. Бир нерсе болсо экөө тең мага чуркап келип сурашат. Күйөөм дагы ошондой.

Биз менен ишетри деле жок. Жашообузга кийлигише беришпейт. Кээде күйөөм экөөбүз таарынышып, аларга арызданып барсак, “кой айланайын, өзүңөр эле чечишкиле, эртең эле жарашасыңар, бизди аралаштырбагыла”,-деп коюшат. Кеңеш сурасаң, “мындай кыл” дебей, “мен мындай кылмакмын” деп түшүндүрүп беришет. Кыскасы сонун адамдар!

Жүрүм-туруму, жашоого болгон жеңил мамилеси, сөздөрү менен үлгү. Мындай адамдарды жакшы көрбөй коюу мүмкүн эмес. Буйруса жазында бөлүнөбүз. Бирок мен кетким келбей эле.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт