Досубуздун атына ипотека алып, кийин квартираны өзүбүзгө өткөрүп алсак болобу?
Саламатсызбы. Жолдошум экөөбүз ипотекага квартира алалы дегенбиз. Банкка документтерди тапшырсак, бир-эки критерийине туура келбей калдык.
Анан жолдошумдун досуна ипотека алмай болдук, кийин квартиранын акчасын төлөп бүткөндө кайра бизге өткөрүп берет.
Көйгөй жаралбашы үчүн ага “өткөрүп берем” деген кат жаздырып, кол койдуруп алсак болобу?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Досуңардын тил кат жазып берүүсү кийин мүлктү силердин атыңарга өткөрүп берээрине кепилдик бербейт. Мындай документ эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес. Кокус, квартираны силерге каттоодон баш тартса, силер аны милденттендире албай каласыңар.
Эң коопсуз варианты башынан эле ипотеканы өзүңөрдүн атыңардан алуу.
Кошумча маалымат алуу үчүн юристке кайрылыңыз.
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?
Саламатсызбы мен 5 жаштагы кызыма алимент аламын 2чи турмушка чыккам бирок кызымдын алименттин алып иштетем зарык болгондо кийин мурунку кайын журттум сен иштетип койдун деп устумон арыз жазып койбойбу кызымды жакшы жашашын каалайм бардык нерсесин алып берем бирок