Биз квартирантпыз, суунун, таштандынын акчасын төлөөгө милдеттүүбүзбү?
Биз тууганыбыздын үйүндө квартирант катары жашайбыз, бирок акча төлөбөйбүз. Бул үйгө катталган эмеспиз, пропискабыз жок.
Ошол тууганыбыз таштандыга жана сууга бир жылдык акчасын төлөгүлө, баш аягы 3000 сом деп жатат. Бирок биздин жашаганыбызга жарым эле жыл болду.
Менин суроом: биз таштандыга жана сууга төлөөгө милдеттүүбүзбү? Же тууганыбыз бизди алдап, жөн эле акчабызды алып жатабы?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Эгер тууганыныз менен ижарага алуу жөнүндо эч кандай келишим түзбөсөңүз, эгер ал жерге катталбасаңыз, анда төлөмдөрдү төлөөгө милдеттүү эмессиз.
Бирок, силерди квартирант катары киргизген үй ээси, сотко кайрылып үйдөн чыгарып салууга толук акысы бар.
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?