// //

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

2020.11.23, 16:26
38337

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет апанын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт!

“Апээй ботом, эмне дейт?” Элдер тымтырс. Баарынын көзү экөөбүздө. Мен деле эмне кылышты билбей туруп калдым. Тамаша дейин десем, кудагыйым олуттуу карап турат. Жок, мындай болсо кызымды бербейм.

Быйыл көкүрөк күчүгүбүздү күйөөгө узаттык. Күйөө баланы жакшы тааныйм. Экөө алты жылдан бери сүйлөшүп жүрүшөт. Жамандык-жакшылыкта үйгө келип кол кабыш кылып кетчү. Элпек, жөнөкөй, анан өтө боорукер жигит. Муну ким тарбиялады экен деп ойлонуп койчумун. Минтип кыз узатууда акыры ата-энеси менен тааныштык.

Кыз узатууну үйдөн өткөрдүк. Күйөөм экөөбүз топтоп жүргөн акчабызды алып чыктык. Жайнатып дасторкон жайдык, тууган-уруктарды, дос-курбуларды чакырдык. Мал союп, боорсок бышырып конокторду күтүп отурдук.

Кызыма ак көйнөгү аябай жарашты. Кийип алып күзгүнүн алдында турганын көрүп, атасы экөөбүз жашып алдык. Кечээ бойтоңдоп чуркап жүрдү эле, мына минтип уядан учуп кетип жатат. “Апаа! Атаа! Эмне ыйлап жатасыңар?” Бурчта ыйлап турганыбызды көрүп, чуркап келип кучактады. Чогуу бир жашып алдык.

Ооуу, кудалар машинасын болушунча пипилдетип кирип келишти. Көчөнүн баарын ээлешти го чиркин. Биринчи куда түштү. Кулдугу бар экенин айтып ийилип кирди. Артынан кудагый чыкты. Сулуучумак, толмоч келген, чачы кыска аял экен. 

Кызыма сөйкө салып жаткан.

- Кудагый, кызымды көлөкө жерге бапестеп баккам.

- Коркпоңуз, мен деле күн көрсөтпөйм.

- Ыя?

Бир саамдан кийин тизесин чаап каткырып кирди. Ага кошулуп элдин баары жарылды. А мен тамаша экенин кайдан билдим. Ишенип алганымды айтпайсыңарбы.

Андан кийин жаныма келип, “кудагый, менин кызым жок, макул болсоңуз, кызыңызды келин эмес, кыз кылып алайын,”- деди. Жашылданган көзүм менен башымды ийкедим. Ошентип тамашакөй кудагыйлуу болдум. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт