Бардык эркектер үчүн кыздык ушунчалык маанилүүбү? Психологдун жообу
Саламатсызбы. Турмушка чыгайын дегем, жашым 28де. Бирок мырзалар кыздыкка карашат экен. Мен турмушка чыккан эмесмин, кыз эмесмин. Кыздык ушунчалык маанилүүбү?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык. Бардык эркектер үчүн кыздык белги маанилүү же маанилүү эмес деп бир беткей айта албайбыз. Ар кимдин ой жүгүртүүсү, баалуулуктары, принциптери ар кандай.
Бир нерсени так айта алам, мырзалар аялдын өзүнө жасаган мамилесин, өзүн-өзү кабыл алуусун мыкты сезишет. Эгер аялдын өздүк баасы объективдүү болсо, жеке оюн билдире алган көз карандысыз айым болсо, эркек да ага тиешелүү мамиле жасайт.
Өзүңүз деле биринчи никеси менен ажырашып, бир нече баласы менен экинчи ирет турмуш куруп, бактылуу жашап жаткан айымдар тууралуу көп эле билип, угуп жүрсөңуз керек.
Ошондуктан ар тараптуу өрчүгөнгө аракет кылыңыз, өздүк бааңызды көтөрүңүз.
Ийгилик.
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү
Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок
Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?
Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.