// //

Өспүрүмдөрдүн баңгизат жөнүндө сленгдери. Ата - энелер үчүн сөздүк

2019.01.05, 17:43
1508

Эгер балаңыздан төмөнкү сөздөрдү уксаңыз, тынчсызданууга олуттуу себеп бар: бала баңгизат жөнүндө сүйлөп жатат.

Таасири күчтүү синтетикалык каннабистин көптөгөн ысымдары бар. 

"Дживик", "спайс", "микс", "трава", "зелень", "книга", "журнал", "бошки", "головы", "палыч", "твёрдый", "мягкий", "сухой", "химия", "пластик", "сено", "липкий", "вишня", "шоколад", "россыпь", "рега", "дым", "зеленый флаг", "ляпка", "плюха" — булардын баары препараттын сырдуу аттары.

"Соль", "микс", "легалка", "скорость", "белый", "ск", "мука", "рега", "росс" — коркунучтуу синтетикалык баңгизат.

"Закладка", "клад" — баңгизат катылган жер.

"Разминировать" — баңгизатты катылган жеринен таап, пайдалануу.

"Колеса", "калики" – мас кылуучу таблеткалар.

"Бонг", "булька", "бульбулятор", "труба", "ботл", "батл", "бульбик" — баңгизат чегүү үчүн аспаптар, адатта өспүрүмдөр өздөрү колго жасашат. 

"Куры", "курицы", "кураки" — курьерлер. 

"Трип-репорт" — баңгизат саткан сайтка жазылган комментарий (кандай таасир алганын).

Баңгизат колдонгон өспүрүмдөрдө кандай белгилер болот?

  • Өспүрүм бензин, ацетон жыттана баштайт.
  • Өңү бозоруп же тескерисинче кызарып, алакандары бат тердейт.
  • Каректери чоңоюп, денелери кычышат.
  • Кыймылдарынын багыты өзгөрөт.
  • Көп сүйлөп, бир орунда тура албай, таттуу азыктарды көп жеп калат.
  • Арыктап, чүнчүйт.
  • Колдорунда ийненин изи пайда болот.
  • Эс тутуму начарлайт, уйкусу качат.
  • Сабакка барбайт, үйгө кеч келет.
  • Бат - баттан акча сурайт, үйдөн баалуу буюмдар жоголо баштайт.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт