// //

Тест. Манжаларыңдын жардамы менен кандай адам экениңди билип ал

2019.01.04, 20:42
8590

  1. Колуңду кулпула (замок). Эгерде оң колуңдун баш бармагы өйдөдө  болсо, кагазга "2" санын, солдуку болсо "1" санын жаз. 
  2. Бир көзүңдү жумуп, бир нерсени мээле. Сол көзүң ачык калган болсо "1", оң болсо "2"  санын жаз. 
  3. Колдоруңду көкүрөгүңө учкаштыр. Сол колуң оң колуңдун үстүндө турса "1", үстүндө оң болсо "2" санын жаз. 
  4. Кол чап. Үстүдө сол кол болсо "1", оң болсо "2" санын жаз.

Сандардын айкалышынан жыйынтыгын баала.

"2222" - мүнөзүң туруктуу, консерватизим, урушуп-талашканды жактырбайсың.

"2221" - жаркыраган мүнөзүң бар, бирок чечкинсиз адамсың.

"2212" - дээрлик баары менен тил табыша аласың.

"2111" - туруктуу эмессиң, баарын өзүң кыласың, башкалардан колдоо издебейсиң.

"2211" - мүнөзүң абдан жумшак.

"2122" - аналитикалык ой - жүгүртөсүң, баарына этияттык менен мамиле кыласың.

"2121" - аялуусуң, башкалардын таасирине бат кабыласың.

"1112" - эмоционалдуу, энергиялуу жана чечкиндүүсүң.

"1222" - эмоционалдуусуң, турмуштук көйгөйлөрдү чечүүдө тырышчааксың, адамдар сага тартылып турат.

"1221" - мүнөзүң өтө жумшак, ишенчээксиң.

"1122" - ишенчээк жана жөнөкөй адамсың. Көп нерсеге кызыгасың, бирок, аларга убактың жетишпейт.

"1121" - адамдарга аябай ишенесиң, чыгармачыл адамсың.

"1111" -  чыгармачылык жашооңда маанилүү ролду ээлейт, эмоционалдуу жана өзүмчүлсүң. 

"1212" - эрктүү адамсың, койгон максатыңа жетесиң.

"1211" - рухуң күчтүү, бирок түнт адамсың, сен үчүн дос табуу кыйын. 

"2112" - мүнөзүң жеңил, оңой эле дос таап аласың, кызыгууларыңды бат-бат алмаштырасың. 

Кызыктуу бекен? Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа.

 
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт