Жигитиме 2-3 жыл күтө тур десем, быйыл үйлөнөбүз деп болбой жатат, эмне кылсам?
Менин жигитим бар, ал 92чи жылкы. Мен 15темин, жигитим, быйыл 9-классты бүткөндөн кийин үйлөнөбүз деп жатат. 2-3 жыл күтө тур десем болбой койду.
Ошону апама кантип айтам? Апамдын жини жаман. Эмне кыларымды билбей турам.
Асель Суюнбаева
Психолог
Саламатчылык. Биринчиден, биздин мыйзамга ылайык, никеге турууга 18 жаштан кийин гана уруксат берилет. Баш кошкондон кийин боюңузга бүтүп калса, медициналык мекемелер учетко алаардан мурун жашы жете элек кыздын боюнда бар экенин милицияга билдирүүгө милдеттүү болот. Сизди чындап сүйгөн адам сүйүктүүсүн мыйзам бузууга түртпөсө керек.
Экинчиден, эрте жыныстык катнашка баруу, бойго бүтүрүү, төрөттүн өзү сиздин ден соолугуңуз жана өмүрүңүз үчүн кооптуу.
Үчүнчүдөн, билими жок, кесиби жок бойдон каласыз. Өмүр бою үйдөгү жумуш менен алектенип, материалдык жактан толугу менен күйөңүздөн көз каранды болосуз. Сиз ошого макулсузбу?
Күйөөгө жашы жеткен, кесиби, иштеген иши бар болуп турганда тийген жакшы. Турмушта жашоо ар кандай болот. Кокус үй-бүлөңөр бузула турган болсо, же билими жок, же кесиби жок, ортодо каласыз. Балдарыңыз менен кимге барасыз, кимдин үйүнө батасыз?
Апаңызга сөзсүз айтыңыз, канчалык урушса да ал сиз үчүн жооптуу. Бардык жагын эске алып, бир чечимге келесиз деп ишенем. Анткени туура эмес чечимдер үчүн жашоонун нугу бузулат.
Бактылуу болуңуз!
#билесиңбиөспүрүм
Башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Апам “сени окутуш үчүн төрөгөн эмесмин, тилимди албасаң үйдөн чыгып кет” деди
10 жашымда байкем зордуктап койгон, ал учурда эмне экенин түшүнгөн эмесмин
Атам ичет, ага жинденген апам ачуусун менден чыгарат. Эмне кылышым керек?