Күйөөм өппөйт, кучактабайт, “менин мүнөзүм ушундай” деп кутулат
Турмушка чыкканыма үч жыл болду ортобузда бир балабыз бар. Биз сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Башыбыздан көп нерсе өттү, кыйналдык. Азыр деле жашообуз абдан жакшы эмес. Көп жолу ажырашкым келген, бирок чечиле албайм.
Сүйөм деп айтпайт, жылуу мамиле кылбайт, өппөйт, кучактабайт, мага кайдыгер мамиле жасайт. Бир нерсе десем эле “билесиң да сүйөөрүмдү, менин мүнөзүм ушундай” дейт. А мен тескерисинче абдан эмоционалдуумун.
Кээде кол көтөрөт, сөгөт, басынтат. Барынан жүрөгүмдү оорутканы башка кыздар менен сүйлөшкөнү болду. “Мен эч ким менен жаткан эмесмин, бул жөн гана жазышуу. Сен мени сыйлабайсың, өзүмө болгон ишеним жоголду, ошондуктан башкалар менен сүйлөшөм” – деп кайра мени күнөөлөйт.
Жашоомду жек көрөм, күйөөмдү жек көрөм, өзүмдү жек көрөм. Жашоомдун маңызы балам гана.
Эмне кылам? Бардыгын унутуп кантип жашайм? Кайра кайталансачы?
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатчылык. Абалыныз кейиштүү, менин сизге боорум ооруп турат. Сиз сөзсүз психологго кайрылышыңыз керек, кеминде 4-5 консультация алуу зарыл. Психологиялык терапия эмоцияларыңызды ирээттеп алууга жардам берет.
Эмоционалдуумун, деп жаздыңыз. Эмоциялар мээни ээлеп турганда ойлонуу, туура чечим кабыл алуу абдан оор. Анын шары менен адам жаңылыш кадамдарды жасап алышы мүмкүн.
Жазгандарыңыздын негизинде мындай тыянакка келдим: экөөңөрдүн бирге жашап жатканыңар сизге да, күйөөңүзгө да бакыт алып келген жок. Күйөөңүз көйгөйдү чечүүнүн ордуна, башка аялдар менен мамиле курууну оңой көрдү. Ал эми сиз сарысанаага батып, ойлонуп, капаланууга убактыңызды жана күч кубатыңызды жумшап жатасыз. Мындай жол менен маселе чечилбейт.
Үй-бүлөнү сактап калууга умтулганыңыз жакшы, бул кадам мактоого татыктуу. Бирок, үй-бүлөнү жалгыз бир адам сактап кала албайт, ал үчүн эки тараптын аялынын жана күйөөсүнүн тең бирдей каалоосу жана аракети зарыл.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет
Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши