Төрт жаштагы кызымдын тиштери карарып тушүп калды. Эмнеден улам мындай болот?
Саламатсызбы. Төрт жаштагы кызымдын тиштери карарып, түшүп калды. Анан дагы тыфрмактары аябай жумшак, жаңы төрөлгөн баланыкындай. Сөөмөйлөрүнүн тырмактары чуңкур болуп турат.
Эмнеден улам мындай болот? Жооп алып бериңизчи?
Элнура Жумашева
Педиатр
Саламатсызбы. Кандын жалпы анализин тапшыруу керек. Андан тышкары электролитттерге, кальцийге, темирге кан тапшырыңыз. Ошондон кийин эмнеге болуп жаткандыгынын себеби аныкталат. Ага чейин бир нерсе деп айтуу кыйын. Кызыңызда мындай симптомдор болуп жатса демек организминде көйгөй бар, аны сөзсүз дарылоо керек.
Балдарыңыз ден соолукта болушсун!
Педиатр Элнура Жумашева менен инстаграмдагы @elnura_maratovna_pediatr баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?