Жолдошум башында ысык болчусуң, азыр муздаксын деп айтат. Бул оорубу?
Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма аз эле болду. Жолдошум башында ысык болчусуң, азыр жыныс кының муздак болуп калды, деп айтат. Бул оорубу? Кандай кылсам болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Сизде бардыгы жайында, сарысанаа болбоңуз.
Жыныс кынынын температурасы менструалдык циклге жараша 36,7 градустан 37,5 градуска чейин өзгөрүп турат. Бирок эч качан муздак болбойт.
Менимче, бул болгону жолдошуңуздун субъективдүү көз карашы. Жыныс кыны муздап калды деген түшүнүк жөн гана миф.
Турмушка чыккандан кийин көпчүлүк келиндерге күйөөлөрү жыныстык инфекция жугузат. Гинекологго көрүнүп, текшерүүдөн өтүп койсоңуз ашыктык кылбайт.
Куш бооңуз бек болсун!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет