// //

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

2020.11.09, 16:05
46219

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк булактардан алынды! 

Үч күн катарынын токтоно албай күлдүм. Күйөөмдү көрсөм эле боорум эзилип жатып калат. Жакшы эле карманайын дейм, алым жетпейт. Бирок, күйөөмө сөз жок, “молодец” экен. Анда эмесе, эмне болгонун айтып берейин.

Табышкерим менин, жокко жолдош болбой, ар дайым тырбалаңдап жүрөт. Бул жолкусунда дагы курсагыбызды ач калтырган жок.

Үч литр шорпо, эт, куйрук менен боор, анан бир пакет боорсок көтөрүп келди. Ачкадан уктай албай жаткан балам эттин жытынан ойгоно калды. Билишим боюнча дос-туугандар тойго чакырган эмес. Жеп алалы анан сурайын деп, баарын дасторконго алып чыктым.

- Кайда барып келдиң?

- Кайдан уурдап келдиң дегени жатасыңбы (күлүп)? 

- Ооба.

- Камсанбай жей бергиле, маңдай терим менен таап келдим.

Бейкапар кабырганы мүлжүй берди. Ушу “точно” бир балээнин үстүнөн чыкты дедим.

- Айтсаң, кайда барып келдиң?

- Коңшу айылдагы тойго.

- Тааныштаргабы?

- Жок, ай, аларды биринчи жолу көрүп жатам.

Карантинден кийин жумуш жакшы болбой калды. Меники таптакыр эле токтоду. Күйөөм байкуш, курсагыбызды ойлоп, жалгыз иштеп жүрөт. Шабашка дегенди билесиңер, бирде бар болсо, бирде жок. Биз го чоңбуз, бир нерсе жебесек деле жүрө беребиз, кичинекей балабызга эле убал болуп кетти. Жашоодо өйдө-төмөн болорун ал кайдан түшүнмөк эле. 

“Жумуш жок башымды жерге салып келаткам. Анан бир үйдө шарлар байланып турганын көрүп калдым. Кыязы келин келаткан окшойт. Кишилер жол тоскону арканды даярдап жатышыптыр. Силерди ач уктабасын дедим. Дароо кирип барып эле ар кимиси менен учурашып кирдим. Бир маалда бирөөсү ким экенимди сурады. “Тиги, неменин досумун, тааныган жоксузбу” десем, "тааныдым, тааныдым",- деп ишенип калды. Анан арканды алып жол тостум. Мына, кудалары 1000 сом.

Андан чыгып алып келатсам, дагы бир үйдө той болуп жатыптыр. Элдер толтура. Ал жакка дагы кирип кеттим. Казандын башындагы тайкеси кызуу экен, жардамдашып койсом, шорпо куюп берди. Анан азыр келем деген бойдон баса бердим.”

Үйдө ачка отурганыбызды ойлоп, мындай кичинекей кылмышка барганы үчүн күйөөмө ыраазымын.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт