// //

Жаңы жылдык окуя: Өлүп тирилген тоок

2018.12.30, 14:03
1263

Бул окуя үч жыл мурун болгон. Анда мен 15 жашта элем.

Жаңы жылга аз калганда атам тоок сатып келет. Апам аны союп, мешке бышырат. Муну үй бүлөбүздүн кичинекей салты десек болот. 

Адаттагыдай эле атам тоок алып келди. Семиз, чоң тоок экен. Апам "бүгүн кеч болуп калды, союп эле коеюн, жүнүн эртең жулам", - деп сарай жакка жөнөдү. Аз өтпөй үйгө келди.

Эртең менен апамдын ачуу кыйкырыгынан ойгондук. Атам кийинип - кийинбей сыртка чуркады. Эмне болуп кетти деп артынан чыгып, көргөн көзүбүзгө ишенбей, нес болуп туруп калдык. 

Апам сойгон тоок огороддо бир нерселерди терип жеп жүрөт. Кызыгы мойну кесилүү, эти көрүнүп турат. 

Каткырып күлүп кирдик. Апам атама "бычакты курчутуп кой десем укпайсың" , -  деп жатты. Ошол жылы мешке бышырылган тоок жеген жокпуз. 

Бир ажалдан аман калган тоок берекелүү болду. Жумуртка тууп, балапан чыгарып берди. Эми жыл сайын базардан сатып келбей, үйдөгү тооктордун бирөөсүн союп жейбиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт