Кызымдын туулган күнү туура эмес жазышкан, айтсак кайра бизди күнөөлөп жатышат
Кыздуу бологонбуз, ЗАГСтан күбөлүгүн алганы барсак атын туура эмес жазып коюшкан, андан тышкары туулган күнү да 15-август эмес 14ү деп жазылган экен. Алмаштырайын деп барсам, кайра бизди күнөөлөп, ошондо эле келбейт белеңер, деп алмаштырбай жатышат. Кайда кайрылышыбыз керек?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Баланын аты туура эмес жазылган болсо, бир тамгасынан ката кеткен болсо, демек туулгандыгы тууралуу күбөлүк алмаштырылышы керек.
Эгер баланы каттоого алып жатканда төрөт үйүнөн алынып келинген справкада жазылган дата катталса, мында жаңылышытык жок. Ал эми справкада башка күн, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө башка күн жазылса, анда документ алмаштырылууга жатат.
Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү ишеним телефону: 0312 62 41 40; же 119 кыска номерине чалып кошумча маалымат алсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?