Балдарымдын атасы күйөөм эмес, кошуна байке болсо кана деп ойлоп кетем
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш эненин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.
Мени бери кой, балдары менен такыр иши жок. Курсактары токпу, кийим-кечелери бүтүнбү, ден соолугу чыңбы, эч ойлобойт. Өзү сырттан самса, пирожки, гамбургер же шаурма жеп тоюп келет. “Бизге деле ала келбейсиңби” десем, таң калып карап “Эмнеге?” дегенде өчөсүң.
Мен “швеяда” топчу кадап иштейм. Күйөөм таксист. Үч балабыз бар. Улуусу экинчи класс. Шаарда бир бөлмөлүү батирде турабыз. Тапканыбыз, ой, тапканыбыз деп коем, тапканым батир акысы менен тамактан артпайт.
Күйөөм кааласа жумушка барат, каалабаса жок. Жыргап үйдө уктап жата берет. Кардар чыгып калса, анан дагы курсагынан артып калса “светтин” акчасын берип коет. Болбосо, анын эч кандай пайдасы деле жок.
Карантин башталгандан бери үйдө отуруп калдым. Бала бакчалар, мектеп жабык, балдарды калтырганга киши жок.
Кудайдын куттуу күнү күйөөм экөөбүз урушабыз.
- Кечээ эле эки бөлкө алып келбедим беле, жеп койдуңарбы?
- Эки бөлкөң эмнеге жетет? Ата болуп алып, балдарындан нан аяйсыңбы?
- Уффф....
Кичүүмдү жетелеп көчөгө чыгып кеттим. Бир сейилдеп келбесем башым жарылып кетчүдөй. Ишенесиңерби, мындай жашоодон тажадым.
Көчөбүздө мен суктанган бир байке бар. Жаман ойлобогула, ага ата катары суктанам. Аялы дагы сонун эже. Кээде “балдарыңа ичирип кой”,- деп, шорпо көтөрүп келип калат.
Байкени качан көрбөйүн балдарын ээрчитип алып дүкөнгө алып бараткан же үйүнө продукту көтөрүп келаткан болот. Өздөрү деле биз сыяктуу батирде турушат.
Бул ирет малдын иче карынын көтөрүп келатыптыр.
- Кандайсыз байке? Кайдан келатасыз?
- Ээ кошуна, мына минтип (колундагы иче карынды көрсөтүп) балдарды багалы деп тырбалаңдап жүрөбүз. Эмне балаң менен сейилдөөгө чыктыңбы?
- Ооба.
Ошол маалда балам “жок, атам экөө дагы урушту, апам анан чыгып кетти” десе болобу. Уялганымды айтпагыла. Байке баламдын башынан сылап, пакетин мага карматып койду.
- Жок, байке албайм.
- Мен сага эмес, бул балдарга берип жатам. Барып кайнатып шорпо жасап бер.
Ичимден балдарымдын атасы ушул кошуна байкедей болсо кана дедим.
Бир жума мурун балдарды алып, айылга ата-энемдин жанына баса бергем. Кечээ таежем келип дүкөнүнө сатуучу керек экенин айтты. Ошол жерге жумушка киргени жатам. Балдарыма дагы айылдын жашоосу жакты. Байкуштарым, уруштан башканы көрбөй жалтак болуп калышыптыр. Эми элге аралашып калышты.
Жашоомду жаңы барактан баштайын деп чечтим. Ал барактарда күйөөмдүн орду жок болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым
Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм
Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү
“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды
Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым