Нике түнүм айызым келген учурга туш келсе, кыз эмес экеним билинбей калабы?
Мен 17 жашымда кыздыгымды жоготком. Кийин күйөөгө тийгенде, нике түнүм айызым келген учурга туш келсе, кыз эмес экеним билинбей калабы?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы. Менструалдык кан кыздык белгини жоготкондон кийинки кандан кескин айырмаланат. Этек кири учурунда келген кандын өңү карараак, коюу жана кескин жыты бар болот.
Медицина этек кири келген учурда жыныстык катнашка барууну сунуштабайт. Себеби, этек кири келип жаткан мезгилде жатын моюнчасы ачык болот, ал аркылуу бактериялар оңой эле кирип, жатынга терс таасирин тийгизип, инфекциялык ооруларды жугузуп алуу коркунучу жогору болот. Эсиңизде болсо, кан бактериалардын кобөйүүсү үчүн эң эле мыкты чөйрө.
Ал эми кыз же кыз эмес экени билинеби же жокпу, так жооп бере албайм.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет