// //

Мен эч ким менен болгон эмесмин, бирок кыздыгым жок болуп чыкты

2020.10.30, 14:56
4672

Саламатсызбы. Мен турмушка чыктым, буга чейин эч ким менен болгон эмесмин, бирок нике түндө кыздыгым жок чыкты. Жолдошум “сага ишенем, сеники чоюлчаак окшойт, меники да кичинекей, ошондуктан кан болгон жок” деди.

Эртеси гинекологго баралы, десем да болгон жок. Ичимен кыжаалат болуп жатам. Чоюлчаак бул кандай? Эмнеге кан болгон жок? Жыныстык катнаш учурунда эч кандай оорутууну сезген жокмун. Кыздыгым качан түшүп калган? Кыскасы бүдөмүк ойдо жүрөм.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.10.2020, 14:56

Жылдыз Асаева

Психолог-сексолог

Саламатчылык. Мындайда гинекологго барган күндө деле кыздыгыңыз качан жана кандай шартта түшүп калганын айтып бере албайт.

Сексолог катары сизге суроо бергим келип турат: Кыздыгыңыз качан түшүп калганын билүү сизге эмне берет? Кандай максат менен муну билгиңиз келип жатат? Күйөөңүз бардыгы жайында деп айтыптыр, ашыкча кыжаалат болуунун кандай зарылчылыгы бар?

Эгер биринчи жыныстык катнаш жагымдуу маанайда өтүп, жуптар бири-бирин кааласа, кан болбойт, келин эч кандай ооруксунууну сезбейт.

Ал эми андан башка да көйгөйлөр жаралса тиешелүү адистерге көрүнүп, консультация алыңыз.

Кыздык белги тууралуу кошумча маалыматты бул жактан окусаныз болот:

Кыздык белгинин сиз билбеген 5 сыры

Психолог Жылдыз Асаева менен инстаграмдагы @psyholog.osh баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт