// //

Эл алдына чыгып сүйлөгөндө буттарым калтырайт. Мындан кантип арылсам болот?

2020.10.30, 14:32
2839

Мен 17 жаштамын, бул жака жазып жатканымдын себеби, эл алдына чыгып сүйлөгөндөн сүрдөйм. Көпчүлүктүн көзүнчө ырдоо, китеп окуу мен үчүн аябай кыйын, буттарым калтырайт.

Мындан кантип арылсам болот? Кеңеш берип койгулачы. Алдын ала рахмат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.10.2020, 14:35

Нуриза Батырбекова

Психолог

Саламатчылык. Ооба, эл алдына чыгып сүйлөө абдан коркунучтуу. Бир кезде менде да ушундай коркунуч сезими бар болчу. Бул нормалдуу көрүнүш.

Ал нерседен арылуу үчүн алгач коркуу сезими эмнеден улам пайда болот, ошону түшүнүү зарыл, мисалы: мен эл алдына чыгып сүйлөгөндө кандай сезимдерге туш болом? Буттарым титирейт, үнүм кыргылданат, тамагыма бир нерсе туруп калгандай болот, бетим кызарат.

Мен эмнеден корком? Мени шылдыңдашат, күлүшөт, мен жөнүндө жаман ойлоп калышат, деп ойлойм, ошол нерседен корком.

Мындан чыгуунун кандай жолдору бар? Бул тууралуу рационалдуу ойлонууга аракет кылгыла. Коркуу, толкундануу сезимдери бардыгына таандык. Жаңылып калсам, менин жашоомо, ден соолугума, аброюма эч кандай коркунуч жаралбайт. Ката кетирүү нормалдуу нерсе. Мен тажрыйба топтоп жатам. Ошондуктан эл алдына чыгып сүйлөгөндү үйрөнүшүм керек ж.б.

Айта турган сөзүңүздүн структурасын, ирээтин ойлонгула. Бериле турган суроолорду алдын ала пландагыла.

Күзгүнүн алдына туруп алып, бир туугандардын, ата-энеңдин көзүнчө сүйлөп машыккыла.

Психикабыз менен физикалык денебиз бири-бири менен тыгыз байланышта. Кээде толкундангандан суйлөйүн десең тамагыңа бир нерсе туруп калгансып, үнүң чыкпай калат.

Мындайда төмөнкү көнүгүүлөрдү аткарса болот:

  1. Мурун менен терең дем алабыз, денени тырыштырып 5-7 секунд турабыз. Оозубуз менен демди акырын чыгарып, денебизди бошотобуз. Мындан кийин сүйлөө жеңил болуп калат.
  2. Демди оозубуз менен чыгарабыз, бир нече секунд пауза кармайбыз. Мурун аркылуу кыска дем тартабыз, кайра оозубуз аркылуу чыгарабыз. Бир нече жолу кайталагандан кийин муундарыбыз мурункудай чыңалбай бир аз бошойт, буттун калтырагы жоголот. Андан кийин сүйлөп баштасаңыз болот.

Интернетте мындай көнүгүүлөрдүн түрлдөрү абдан көп. Өзүңүзгө ылайыктуусун таап алып, колдоно бериңиз.

Ийгилик!

#билесиңбиөспүрүм

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт