// //

Күйөөмдүн телефонун чукулап отуруп эски курбуларымдын номерин көрүп калдым

2020.10.30, 10:58
7353

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Бир айдан бери башкача. Ушу “точно” менден жашырган бир нерсеси бар. Сөз баштасам көздөрүн ала качып, тайсалактап кетет. Жумушунда да көп кармалчу болду. Кечээ поликлиникага баратып ресторандан чыгып келатканын көрүп калдым. Чалып сурасам, түшкү тамактанууга келгенин айтты.

Турмуш курганыбызга тогуз жыл болду. Эки уулубуз бар. Идеалдуу үй-бүлөбүз деп айта албайм. Кээде зеригип кеткенде концерт коюп турабыз.

Жолдошумду аябай камкор адам. Муздаткыч бош туруп калса чый-пыйы чыгып кетет. Ар дайым курсагыбызды ойлоп басып жүрөт. Күн сайын чалып “тамак ичтиңерби” деп сурап турат. Анан дагы, “өзүңдүн айлыгыңды өзүңө корот, үйгө меники деле жетет”,- деп койгон.

Бир жолу эмгек акымды алып, үйгө продукту көтөрө келгем. Аны билип калып катуу таарынган. Ошондон бери тапкан акчамды өзүмө коротом.

Сыртта балдары менен итке кепе жасап жүргөн. Мен үй оокаттары менен алек элем. Бир маалда көзүм тумбочкадагы телефонуна түштү. Акырын барып жандырдым. Паролун билем, баш кошкон күнүбүз. “Контакты” деген функциясын басып, аттарды карай баштадым.

Көргөн көзүмө ишенбедим! Курбу кыздарымдын номери жүрөт. Алар менен көптөн бери көрүшө элек элем, бул кайдан таап алган. Колдорум титиреп, телефонун жерге түшүрүп алдым. Дароо ордуна коюп, бөлмөмө чуркап кеттим. Баары бүттү. Ыйлап кирдим.

Андан бери бир жума өттү. Көңүлүм жок жүрсөм, билмексен болуп “эмне болду” деп коет. Баарын айтып, чекит коюп койгум келди. Бирок, бир нерсе кармап турду.

Тамактанып отурсак бир номер чалды. Шап туруп залга кирди. Акырын басып барып тыңшасам, бүгүн саат жетиде, бир ресторандан жолугарын шыбырап жатыптыр. Ордумда келип билмексен болуп отуруп алдым. Кечинде жумуштары бар экенин айтып чыгып кетти.

Туптуура саат жетиде тигисине айтып жаткан ресторанга барсам, алдында күйөөмдүн машинасы токтоп туруптур. Ачуум менен дөңгөлөгүнө бир тептим. Анан ушундай күч менен ресторанга учуп кирсем, “Куттуктайбыз!” деп эски курбуларым, коллегаларым, классташтарым, ата-энем, бир-туугандарым тосуп алышты. Күйөөм гүл көтөрүп чыгып, “Агент 007им” менин, туулган күнүң менен!”,- деди. Тууй ата, бүгүн туулган күнүм эмес беле. Мына сага сюрприз!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт