// //

Жаңы жылдык жаракаттарыбыз бактыбызга себепкер болду

2018.12.28, 15:20
2891

Бул окуя мындан бир нече жыл мурун болгон. Жаңы жылды ата-энем менен тоскум келип, Москвадан поезд менен чыккам.

Купеден үстүнкү орунга туш болуптурмун, бирок анысына өтө деле кайгырган жокмун. Себеби, жолоочуларым абдан шайыр кишилер экен. Жаш жубайлар, жана Таалай деген сымбаттуу жигит.

Жаш келин алып бараткан базарлыгынан бардыгыбызга ооз тийгизип, камдап койгон тамактары менен курсакты тойгузду. Ал эми Таалай түркүн анекдотторду жана күлкүлүү окуяларды айтып берип боорубузду эзди.

Андан кийин чыныгы мырза катары мага ылдыйкы орундукту сунуштады. Мен анын мага кам көрүп жатканына кубанып дароо макул болдум. Бардыгыбыз жайгашып, Таалай өйдө жака, мен ылдыйкы текчеге жаттым.

Түнкүсүн ушундай сонун түш көрдүм! Көпкөк деңизде дельфиндер менен сүзүп жүрүптүрмүн. Кубанычым койнума батпай, тим эле бактылуумун. Бир кезде акула мен тарапка сүзүп келатканын бакадым. Шаштым кетип, чабалактап, качууга аракет кылдым. Ал бутуман тиштегенде, кыйкырып ойгонуп кеттим.

Көзүмдү ачсам Таалай онтолоп колун кармап отуруптур. Билегинен кан тамчылап жатат. Чоочуп: “Эмне болуп кетти?”, - деп сурадым. “Уктап жатып, полкадан учуп түштүм, колумду сындырып алдым окшойт”, - деди Таалай.

Таалай жалгыз жабыркабаптыр. Жыгылып баратып менин бутумду да басып алганбы, же тартып алганбы, түшүнгөн жокпуз. Бирок мен да бутумду кокустатып алыптырмын. 

Бишкекке келерибиз менен поездден түшүп, таксиге отурдук. Ооруканага тез эле жетип бардык. Бизди кабыл алган доктур “бир айдан кийин больницадан чыгасыңар”, - деп сооротконсуду.

Ошону менен экөөбүз жаңы жылды дагы, эски жаңы жылды дагы ооруканадан тостук. Чыккандан кийин Таалай мени айылга чейин жеткирип келди. Себеби менин бутумдагы гипс чечиле элек болчу. Ата-энемдин үйүнө мени көтөрүп алып кирди.

Андан бери сегиз жыл өттү. Бир уул, бир кызы бар бактылуу үй-бүлөбүз. Жаңы жылдык жаракаттарыбыз бактыбызга себепкер болду! 

Келе жаткан майрамыңар менен!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт