Апам "сени окутуш үчүн төрөгөн эмесмин, тилимди албасаң үйдөн чыгып кет!" деди
Саламатсызбы. Мен 18 жаштамын. Айылда жашайбыз, финансылык жактан мүмкүнчүлүгүбүз төмөн бологондуктан окуу жайга өтүүгө шартым жок. Ошондуктан апам турмушка чык, деп мени кыйнап жатат. “Күйөөң баксын, менин багууга шартым жок. Окутам десе окутат, жок десе үйдө бала багып отурасың, окугандын пайдасы жок”, - дейт. Кызык, мени окутуп, бага албаса эмнеге төрөдү?
Апам күчтүү манипулятор “Мен сени окутуш үчүн төрөгөн эмесмин, тилимди албасаң үйдөн чыгып кет!”, - деп тилдейт.
Күйөөгө берейин деген баланын туруктуу жумушу жок, же бир окууну бүткөн эмес. Өз жанын тыңгылыктуу бага албайт, мени багып кетиши деле күмөн.
Мен азыр турмушка чыккым келбейт. Акчаны үнөмдөп, бирин алсаң бирине жетпеген жашоодон тажадым. Көз карандысыз, бай болуп жашагым келет.
Түрлөп тамак жасаганды билбейм, бала караганды билбейм, башка бирөөнүн кирин жууп, чай куюп кызмат кылгым келбейт.
Күйөөм мени бага албаса, бири-бирибизди сүйбөсөк, көзүмө чөп салса, мени коргобосо, кам көрбөсө чыдап жүрө беришим керекпи? Ажырашсам кайра эле балдарым атасыз, үзүмчүлүктө тарбияланабы?
Ушул нерселерди апама жеткире албай атам. Жакшы эле тилин алып, ал айтканды жасайын дейм, бирок апам жаңылып жатпайбы. Менин тагдырыма ушунчалык кайдыгер болобу? Экөөбүздүн ортобузда калың дубал бар.
Эмне кылсам?
Асель Суюнбаева
Психолог
Саламатчылык. Абалыңыз оңой эмес, бирок өтө оор деп да айта албайм.
Апаңызды өзгөртө албайсыз, ал калыптанып калган инсан, турган турпаты ушундай – деп кабыл алыңыз.
Андан көрө өз жашооңузду оңдоп кетүүгө бардык күч аракетиңизди жумшаңыз. Жогорку окуу жайга өтө албасаңыз да орто кесиптик колледждерге окусаңыз болот. Айрымдары бюджеттик негизде окутушат, алыстан келгендерге жатаканасы бар.
Ооба кыйынчылыктар болот, түшүнбөстүктөр, бут тосуу басмырлоо. Бирок сиз бардыгын жеңип чыгасыз деп ишенем. Жазганыңызга караганда эрктүү, максатына жете билген адам окшойсуз.
Эч кимде сизди күйөөгө чык деп кыйноого акысы жок. Ар бир адам бул дүйнөгө бактылуу болуу үчүн жаралат. Бирок бирөөнү колдонуп эмес, өз акылы, эмгеги жана кайраты менен.
Бул күндөрдүн бардыгы келечектеги жашооңузга тажрыйба болот.
Мен сизге ийгилик каалайм.
#билесиңбиөспүрүм