Гормоналдык дары ичип баштаганда канча күндөн кийин таасир берет?
Саламатсызбы. Менин суроомо жооп берип койгулачы. Гормоналдык дары ичип баштагандан кийин канча күндөн баштап таасир берет? Канча убакыттан кийин бойго бүтүп калат деп коркпой кошула берүүгө болот?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Эгер дарыны менструалдык циклдин биринчи күнүнөн тартып ичип баштаса, анда контрацептивдик эффектиси биринчи жумада эле иштелип чыгат. Туура колдонгон учурда кошумча контрацепция каражаттар керектелбейт.
Эгер 3чү же 5чи күндон баштап ичсе (эски рекомендацияларга ылайык), анда алгачкы эки жума кошумча коргонуу каражаттарын колдонуу зарыл. Андан кийин кереги жок болот.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка