Кызымдын жүрөгүндө шум бар экен, бул оору кантип айыгат? Педиатрдын жообу
Саламатсызбы. Кызым жаңы төрөлгөндө эле жүрөгүндө шум бар дешти. Азыр 2,5 ай болуп калды. Доктурлар ыйлатпаганга аракет кылгыла деген. Такыр жанынан чыкпай карап жатабыз. Кичине ыйласа эле көгөрүп, дем албай, үнү чыкпай калат.
Бул оору кантип айыгат?
Элнура Жумашева
Педиатр
Саламатчылык. Жүрөктүн кемтиги адатта айына жетпей төрөлгөн балдарда болот. Мындайда балага негизги жардам төмонкүлөр:
- Курч жыттардан оолак кылганга аракет кылгыла. Мисалы, жаңы сырдалган бөлмө, атырдын, кремдин жыты ж.б.
- Таза аба менен дем алуусуна шарт түзгүлө. Күндө сыртка 2-3 жолу чыгарып сейилдеткиле.
- Өзүңүз жазгандай ыйлатпаганга аракет кылгыла.
- Кардиологго учетко туруп, ал жазып берген витаминдерди үзбөй ичип, ар дайым көзөмөлүндо болуңуз.
Эгер тешиги кичирээк болсо, баланын кароосу мыкты болсо 7 айлык кезине чейин бүтүп калат. Ал эми тешиги чоңураак болсо сөзсүз операция жасатуу керек анткени, жүрөк кемтигин дары менен айыктыруу мүмкүн эмес.
Мен сизге жалпы рекомендацияларды гана айттым. Анткени ар бир баланын ден соолугу, организми ар башка, бардыгы индивидуалдуу болот.
Кызыңыз тезирээк сакайып кетсин!
Педиатр Элнура Жумашева менен инстаграмдагы @elnura_maratovna_pediatr баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?