// //

Тогуз айлык баламдын оозу чоңдордукундай жыттанат, эмнеге? Педиатрдын жообу

2020.10.28, 11:41
2552

Саламатсызбы. Менин 9 айлык балам бар, 4 айынан баштап кошумча тамак берип баштагам, бирок ошондон бери оозу чоң адамдардыкындай жыттанып турат. Бул нормалдуубу? Ушуга сарысанаа боло берем.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.10.2020, 11:42

Мухабат Касымова

Педиатр

Саламатчылык.

  • Биринчиден, балага кошумча тамакты алты айынан тартып бере башташ керек.
  • Экинчиден, тамакты чоң адамдар чайнап берүүгө болбойт.
  • Үчүнчүдөн, баланын өзүнүн индивидуалдуу идиш аягы болууга тийиш.

Оозунун жыттанганы ашказан-ичегисинде көйгөй бар экендигинен белги бериши мүмкүн. Так аныктоо үчүн гастроэнтерологго көрүнүү керек.

 

Педиатр Мухабат Касымова менен инстаграмдагы @doc.kasymova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?

Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет

Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт