Күйөөм каза болду, анын үйү мага мурас болуп өтөбү? Адвокат жооп берет
Саламатсызбы. Күйөөм каза болду. Анын биринчи аялынан үч баласы бар, бир эркек эки кыз. Кыздарын апасы алып кеткен, уулу биз менен калган болчу. Биздин ортобузда да эки кыз бар. Күйөөмдүн баласын өз баламдай карайм, ошондо азыр бир уул, эки кызым менен жашайм. Үйүбүз күйөөмдүн атына катталган, мага мурас болуп өтөбү?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Ооба. Ал үчүн сиз күйөөңүздүн акыркы жашаган жерине караштуу Мамлекеттик нотариалдык конторага кайрылып, үйдү мураска алып калуу боюнча күбөлүк алышыңыз керек.
Эгер мүлк экөөңөр баш кошкондон кийин сатып алынган болсо, анда жубайлардын орток мүлкүндөгү сиздин үлүшкө да укугуңузду тастыктаган күбөлүк алсаңыз болот.
Ал үчүн мамлекеттик нотариуска төмөнкү документтер керек:
- күйөөңүздүн каза болгондугу тууралуу күбөлүк;
- жашаган жериңизден малымкат, форма 50 деп аталган справка (күйөөңүз менен бир жашаганыңыз тууралуу);
- никелешүү күбөлүгүңүз;
- үйдүн менчик ээси экенин тастыктаган документтер (сатып алуу-сатуу келишими, кызыл китеби ж.б.)
- Мамкаттоодон үйдүн выпискасы.
Андан тышкары мамлекеттик алымды (пошлина) төлөп нотариалдык конторадан мурас катары алып калуу билдирүүсүн жазуу зарыл.
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?