Туугандарымдын бары эле мага келип бири-бирин жамандай беришет. Эмне кылсам?
Саламатсызбы! Психология жактан суроом бар. Менин досторум же туугандарым баары эле бири-бирин жамандап мага чала беришет. Аларга жакшы тарапка кеңеш бергени аракет кылам. Бирок, барыбир өзүмө-өзүм эки жүздү болуп калганымдай сезиле берет.
Эмне кылышым керек, кеңеш бергилечи?
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатчылык. Биринчи суроом, эмне үчүн өзүңүздү андай алып жүрөсүз? Сиз аларга кеңеш бергенден эмне табасыз? Бул нерсе сизге кандай пайда алып келет? Балким, өзүңүздү маанилүү адам сезесиз же акылыңа, боорукер болгонуңа сыймыктанасыз? Же сиз үчүн башкаларга керек экениңизди билүү маанилүүбү?
Эгер алардын арызданууларын уккуңуз келбесе, сүйлөп жаткан адамды токтотуп коюңуз. “Мен сизди жана сиздин пикириңизди сыйлайм, бирок айткандарыңызды угуп, ортомчу болгум келген жок”, деп ачыгын билдириңиз.
Эгер жакындарыңызды таарынтып алуудан коркуп жатсаңыз, анда ичиңизден “мен уккум келген жок” деп айтып, жарым-жартылай угуп, маалыматты жакын кабыл албаганга аракет кылыңыз. Ар бир адам өзүнүн негативдүү сезимдери менен өз алдынча күрөшүүгө тийиш.
Сиз азыр ойноп жаткан роль жагабы? Аны өзүңүз тандап алдыңызбы же сизге таңуулаштыбы? Бул ролду кабыл аласызбы же баш тартасызбы? Сизде ар дайым тандоо бар.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет
Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши