Боюмда бар, кир самын жегим келе берет, балага зыяны жокпу? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Менин боюмда бар 29 жума болуп калды. Кир самын жегим келе берет, кээде чыдабай жеп салам. Балага зыяны жокпу?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы. Кош бойлуу кезде жегенге ылайык келбеген нерселерге талгак болуу адатта анемиянын фонунда орун алат. Доктурга кайрылып, гемоглобиниңизди, кандын курамындагы темирди жана ферритинди текшертиңиз. Эгер көрсөткүчтөр төмөн болуп чыкса дарылануу курсунан өтүү керек болот. Андан кийин желбей турган нерселерге болгон талгагыңыз жоголот.
Аман-эсен көз жарып алыңыз.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет