Сатып алган жерибизди кайын эжеме жаздырсак кийин көйгөй жаралбайбы?
Жолдошум экөөбүз Москвада иштеп Кыргызстандан жер тилкесин сатып алдык. Бирок кайын атам жердин документтерин Москвада тургандарга өткөргөн болбойт деп, кайын эжемдин атына жаздырып койду. Кыргызстанга кайтып келгенде күйөөмө “подарка” кылып өткөрүп берет, дейт.
Биринчи суроом: жердин документтерин Москвада туруп, өзүбүздүн атыбызга өткөрүп алсак болобу? Эгер болсо кантип?
Экинчи суроом: кайын эжем биз сатып алган жерди күйөөмо белек кылып өткөрүп берсе, менин тиешем болобу же болбойбу?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коммдук фондунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Ооба, сиз же күйөөңүз Москвада туруп деле бул жака ишеним кат (доверенность) жөнөтсөңүз болот. Ишеним катты алган адам ошол документтин негизинде жер тилкесин сизге же күйөөңүзгө кайра каттатуу боюнча жаңы келишим (переоформление) түзө алат.
Ишеним катты жөнөтүп жатканда, аны менен бирге жубайлардын экинчисинин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу да керектелет.
Экинчи сурооңузга жооп берсем, жок, мындай учурда сатып алган жер тилкесине сиздин эч кандай тиешеңиз жок болуп калат. Жубайлардын бири белекке алган мүлк анын жеке менчиги болуп саналат жана ажырашкан учурда тең экиге бөлүнүүгө жатпайт.
Сатып алынган мүлк ортодогу мүлк катары эсептелиши үчүн сөзсүз сатып алуу-сатуу келишими аркылуу өтүүгө тийиш.
Өз укугуңузду коргой билиңиз!
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?