// //

Күйөөң башканы сүйсө, бирок сен менен жашаса эмне кылуу керек? Психологдон кеңеш

2018.12.27, 10:13
3384

Саламатсызбы! Сиздерди көптөн бери окуйм. Керектүү маалыматтар, пайдалуу кеңештер үчүн рахмат.

Учурда мен да адистин кеңешине муктажмын.

Үчүнчү курс элем. Кышкы сессияларымды бүтүрүп, айылга жөнөдүм. Качан барбайын кеткенче жаным тынбайт: үй жыйнайм, кирлерин жууйм, тамак жасайм. Кошуналар тамашалап "сен эс алганы келдиңби же оокат кылганыбы?", - деп күлүп калышат.

Бир күнү чай ичип олтуруп апама жигитим тууралуу айтсам, "Кокуй, атаң укпасын. Аяш атаң менен макулдашып коюптур. Улуу баласы Алмазды тааныйсың да, ошого турмушка чыгасың", - деди.

Каршы болдум, ыйладым, тамак жебей коркуттум. Эч нерсе өзгөргөн жок. Эртеси туруп алып шаарга кетип калдым. Жигитиме чындыкты айта албай, жок шылтоолорду ойлоп таап сүйлөшпөй койдум.

Телефон чукулап олтургам. "Кандай? Сенин жигитиң бар да туурабы? Бул никеге мен деле каршымын" деген смс келди. Алмаз жөнөтүптүр. Жооп берген жокмун. 

Үчүнчү курсту аяктаганда Алмазга турмушка чыктым. Кыйналсам да мыкты жар болууга аракет кылам. Күйөөм мени карабайт. Жок жерден уруш чыгарат. Башканы сүйөөрүн, ата-энеси үчүн гана үйлөнгөнүн айтат.

Эркек сүйбөсө аял бактылуу боло албайт экен. Ортодо бала болсо, мамилебиз өзгөрмөк беле, билбейм. Ажырашып кетким келет. Кандай кылсам туура болот? Кеңеш бериңизчи. Рахмат! 

Гүлмира Молдокулова, психолог

Кызым, жубайлардын бири-бирине болгон сүйүү сезими жок болсо, айрыкча аял эң чоң стресске кабылат. Айымдар үчүн сүйүктүү болуу өтө маанилүү.

 “Жолдошум сүйбөйт” деген фактыны моюнга алуу оор. Бирок, мындай мамилени улантуу да жеңил эмес. Бул позиция кооптуу деп эсептелинет жана мындай учурда эч нерсе жасалбайт. Менин сунушум, маселени түшүнгөнгө аракет кылыңыз.

Ой жүгүртүңүз:

  • Жолдошуңуздун жаман жана жакшы жактарын баалаңыз.
  • Анын мамилесин түшүнүү үчүн күрөшүү керекпи? Жакшылап ойлонуңуз.

Сиз  “ажырашуу максатым бар”, - деп жатасыз. Мүмкүн бул чечимиңизге таарынуу сезими түрткү болуп жаткандыр.

Күйөөңүздү “сүйбөйсүң” деп күнөөлөнүн да кереги жок, себеби силерди ата-энеңер үйлөнткөн. Андан көрө бул чындыкты кабыл алыңыз. Ошондо мамилеңер жаңы нукка бурулуп, башкача жашоо башталат. Балким бактылуу үй-бүлөлөрдөн болосуңар.

Эч качан шашпаңыз, жакшылап ойлонуңуз. Ийгилик! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт