// //

Кайын атамдан эмнеге мени жаман көрөрүн сурасам, берген жообу таң калтырды

2020.10.26, 13:04
12042

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Кайын атам ар дайым бакырып сүйлөйт. Аны жакындан тааныбагандар корс деп ойлошу мүмкүн. Андай эмес, алтындан кем эмес сонун киши, болгону мүнөзү ошондой.

Мен ортончу баласынын аялымын. Кайын агам болсо үйлөнө элек. Кайним али жаш. Андыктан бир үйдүн эрке келинимин.

Биздин үй-бүлө тууралуу кино тартса болчудай. Ызы-чуу болуп жатып эле күнүбүз кантип өткөнүн билбей калабыз. Мисалы, кайын атам этти аябай жакшы көрөт. Кокус жилигин таппай калса, “Менин жилигимди ким жеди?” деп, таң эрте бакырып баарыбызды тургузат.

Кайын энемди, уулдарын аябай жакшы көрөрүн көздөрү айтып турат. Ошентсе дагы билгизбегенге аракет кылат. 

Эмнегедир, балдарына кыйкырат, а мага унчукпайт. Келин болуп келгенден бери бир дагы жолу үнүн катуу чыгарган жок. Ушу мени жактырбайт деп ойлойм. 

Бир жолу гезит окуп отуруп көз айнегин жерге таштап коюптур. Аны мен көрбөй басып алдым. Шашып бараткам, кийин айтып коем деп сыртка чыгып кеткем. Бир маалда эле кайын атам урушуп кирди. Чуркап барсам, үч баласын чогултуп алып ким кылганын сурап жатыптыр.

- Ата, мен басып алгам

- Аа, сен белең, макул.  

Дагы эч нерсе деген жок. Кайним “ой, жеңеее”,- десе, бир жагынан күйөөм таң кала башын чайкады. 

Бир окуя такыр эсимден кетпейт. Келгениме бир эле жума болгон. Кайын энем түшкү тамакка даамдуу токоч жасады. Баарыбыз дасторконго отурдук. Кайним шыпылдап токоч алайын деп жатты эле кайын атам колуна бир чапты. Анан токочту сындырып, биринчи кайын энеме, анан мага берди, акырында өзү ооз тийди.

Бир күнү эмне үчүн мага бакырып сүйлөбөй турганын сурайын дедим. Болбосо, баарына эле күрүлдөп жатса, өзүңдү бул үй-бүлөнүн мүчөсү эместей сезет экенсиң. 

Кайын атам огород тазалап жүргөн. Бир чыны жарма куюп алып барып бердим.

- Ата, эмнеге мага катуу сүйлөбөйсүз.

- Мен сага анте албайм.

- Эмнеге? Менин башкалардан эмнем кем?

- Ар дайым кызым болсо деп кыялдангам. Бирок, катарынан үч уулдуу болдум. Анан үй-бүлөбүзгө сен келдиң. Ошондо, кыздуу болдум деп аябай сүйүндүм. Ал эми аталар кыздарын урушпаш керек да.

Көзүм жашылданып кетти. Өз атаман мындай сөздү уккан эмесмин. Кайын атам болсо бейкапар жумушун уланта берди. Катуу кучактагым келди, батына алган жокмун.

Быйыл жазында кыздуу болдук. Күйөөм экөөбүздүн сүйүнүчүбүздө чек жок.

Төрөтканадан алып чыкканы кайын атамдан башкасынын баары келди. Ал сыркоолоп калыптыр. Үйгө барсак ооруганына карабай сыртта күтүп отуруптур. Күйөөм, “ата, небереңизди алып келдик” деп кызыбызды колуна берди. Кайын атам небересин өөп, “кызым менин” деп кучагына кысып, өзүн кармай албай жашып жиберди.

Азыр кызым атасы экөөбүзгө караганда кайын атама жакын. Аны көрөрү менен талпынат. Бир жакка кетсе, келгиче кадимкидей издейт. Күйөөм кызганып, "чоң атасына эле берип салалы" деп бурк этет.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт