Эртең менен эрте ойгонгонду үйрөнө албай койдум. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Мен такыр эле эртең менен эрте турганды үйрөнө албай жүрөм. Жардам бергилечи, кантип эрте ойгонсом болот? Саат 10-11ге чейин уктайм, кайын эне менен турам, үч балам бар.
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Эрте ойгонуу үчүн эрте жатыш керек. Азыр сиздин график бир калыпка түшүп калган. Аны өзгөртүү үчүн чындап эле бир канча убакыт өзүңдү кыйнап эрте ойгонуу зарыл.
Ооба, бир күн кечке алың кетип, уйку сурап басып жүрүшүңүз мүмкүн, бирок ошол күнү эртерээк жатып эс алыңыз. Ошентип бир канча жолу кайталангандан кийин сизде жаңы биологиялык саат, ритм иштелип чыгат, организм ошого ыкташат.
Бирок! Кандайдыр бир шарттарга байланыштуу эрте жатууга же түнү менен тынч уктоого мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, андан көрө ошол уйкуну эртең менен кандырыңыз. Жөнү жок жанды кыйноонун кереги жок.
Адам үчүн толук кандуу уйку абдан маанилүү. Анын жетишсиздиги жагымсыз кесепеттерге алып келет.
Ийгилик!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?
Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?