// //

Ажырашканбыз, балдарым атасын сагынып ыйлашат, эмне кылышым керек?

2020.10.25, 12:00
2411

Саламатсызбы. Мен балдарымды жалгыз чоңойтуп жатам. Алар кээде куса болуп, атасын сагынышып ыйлашат. Бирок ал балдарына келип көргүсү келбейт.

1,5 жаштагы кызым, колдору менен бетин тосуп алып, таарынып ыйлайт. Мунун себеби эмнеде? Кандай мамиле кылышым керек? Эл катары эркелетип, жакшы карайм.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.10.2020, 12:00

Карлыгаш Акимкулова

Психотерапевт

1,5 жаштагы балдар апасынын эмоционалдык абалын абдан жакшы сезишет. Апасынын ичи уйгу-туйгу болуп, жан дүйнөсү кейип, таарынып жатса, алар да ушундай сезимдерге туш болушат.

Өзүңүз да сагынып, жоктоп жатсаңыз керек, балдарыңыз үчүн ичиңиз күйүп турат. 1,5 жаштагы кызыңыз атассына караганда апасына көбүрөөк муктаж. Эгер апасынын көңүлү жайдары, маанайы көтөрүңкү, бактылуу болсо, бала да өзүн ошондой сезет.

Балдарыңыз менен сүйлөшүңүз, атаңар силерди жакшы көрөт, бирок келе албайт. Биз эми ансыз жашайбыз, өз алдынча бакылуу болобуз, деп. Иштеңиз, окуңуз, сейилдеңиз, курбуларыңыз, жакындарыңыз менен баарлашыңыз. Балдарыңыз менен убакыт өткөрүүдөн ырахат алыңыз. Мурунку күйөөңүздөн көз карандысыз болуңуз.

Бактылуу болушуңузга тилектешмин.

 

 Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:

Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем

Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши

Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт